«Манас» эл аралык аэропортунда ITF таэквондо боюнча XXIII дүйнө чемпионатына катышкан спортчуларды салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

Иш-чараны Бишкек шаарынын  мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти С. Джуманазаров атындагы балдар жана өспүрүмдөр спорт мектеби, Кыргызстандагы ITF таэквондо федерациясы жана спортчулардын ата-энелери менен биргеликте уюштурду.

Дүйнө чемпиондугу 2025-жылдын 3–13-октябрында Италиянын Йезоло шаарында өтүп, 70 өлкөдөн келген 1200дөн ашуун спортчуларды бириктирди. Кыргызстандын курама командасы өлкө намысын татыктуу коргоп, жалпы беш коло медаль утуп келди.

ITF таэквондо боюнча дүйнө чемпионатынын байге ээлери:
•Майрамбеков Актан — 3-орун, спарринг 18–34 жаш, 58 кг чейин;
•Жолдошева Айдана — 3-орун, спарринг 16–17 жаш, 58 кг чейин;
•Азамат уулу Тимур — 3-орун, спарринг 18–34 жаш, 52 кг чейин;
•Командалык спарринг (юниорлор 14–15 жаш): Туйчиев Багдат, Таранчиев Тимур, Сабанов Артур, Турсуналиев Акбар, Карашев Кудайназар, Азаматов Умар;
•Командалык спарринг (юниорлор 16–17 жаш): Михманов Имран, Келдибеков Омар, Дайстроков Рамиз, Жайлообеков Даниэль, Качкынбеков Шамиль, Апышов Максат.

С. Джуманазаров атындагы ОРАБӨМдүн тарбиялануучулары да ийгиликтерге жетишти:
•Туйчиев Багдат — 3-орун;
•Михманов Имран — 3-орун.
Ошондой эле Атайбек Абдылдаев дагы мектептин намысын дүйнөлүк деңгээлде татыктуу коргоду.