Дем алыш күндөрү Кара-Жыгач токоюнда спорттук багыт алуу мелдеши боюнча Бишкек шаарынын чемпионаты жана биринчилиги өттү. Ага 12 жаштан жогору 40тан ашуун спортчу катышты.
Спорттук багыт алуу түрүн өнүктүрүү жана жайылтуу, ошондой эле жаштарды активдүү жана сергек жашоо образына тартуу мелдештин башкы максаты болуп саналат.
Мелдеш масс-старт форматында өтүп, катышуучулар бир убакта аралыкка чыгып, ар бири өз маршруту боюнча көзөмөл пункттарын карта жана компас аркылуу табышты.
Жыйынтыктар:
M14 категориясы (14 жашка чейинки балдар):
1-орун — Моськин Тимофей;
2-орун — Ананьев Даниил.
M16A категориясы (16 жашка чейинки өспүрүмдөр):
1-орун — Белекбаев Алишер;
2-орун — Чокаев Тимур;
3-орун — Рустамов Умар.
W16A категориясы (16 жашка чейинки кыздар):
1-орун — Рысбекова Бегимай;
2-орун — Казиева Акылай;
3-орун — Сансызбаева Аделина.
W16 категориясы (тажрыйбалуу кыздар, 16 жашка чейин):
1-орун — Ананьева Анна;
2-орун — Разводовская Ирина;
3-орун — Бугаева Елена.
WE категориясы (аялдар, элита):
1-орун — Насырова Руслана;
2-орун — Вдовина Анастасия;
3-орун — Щербакова Екатерина.
ME категориясы (эркектер, элита):
1-орун — Турдалиев Сергей.
M Open категориясы (ачык эркектер тобу):
1-орун — Моськин Игорь.
Жеңүүчүлөр жана байге ээлери медалдар жана димлопмдор менен сыйланышты. Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти менен Кыргызстан спорттук багыт алуу федерациясынын биргелешкен уюштуруусу менен өткөрүлдү.