Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинк  Башкы планынын долбоорунун негизги жоболору Бишкек шаарынын мэриясынын https://bishkek.gov.kg/ru/post/32391жана Башкы план https://genplan.bishkek.gov.kg/ru сайтында жайгаштырылган.

Ачык-айкындуулукту камсыз кылуу жана шаар тургундарынын пикирлерин эске алуу үчүн мэрия 2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын Башкы планынын долбоору боюнча сунуштар жана сын-пикирлер кабыл аларын билдирет:

электрондук почта аркылуу: genplan.bishkek@gmail.com

кагаз түрүндө – Чүй проспектиси, 166 дарегиндеги Бишкек шаарынын мэриясынын Бирдиктүү терезесинде, "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте, "2050-жылга чейинки Башкы план" деген милдеттүү белги менен.

Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарына борбор калаанын келечегин калыптандырууга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирет.