Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачеванын жетекчилиги астында борбор калаада диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана этностор аралык мамилелерди чыңдоо боюнча координациялык жыйын өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Канатбек Мидин уулу, борбор калаанын төрт районунун башчыларынын орун басарлары, Бишкек шаарынын мэриясынын, райондук администрациялардын, Ички иштер башкармалыгынын, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Билим берүү департаментинин, Муниципалдык инспекциянын, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун жана башка тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Жыйындын жүрүшүндө "Кыргыз жараны" резолюциясынын ишке ашырылышы боюнча маалымат берилип, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Бишкек шаарынын мэриясы жарандык иденттүүлүктү калыптандыруу, этностор аралык ынтымакты чыңдоо, мамлекеттик тилди жайылтуу жана маданий мурастарды сактоо боюнча системалуу иш алып барууда. Патриотизмди, толеранттуулукту жана активдүү жарандык катышууну калыптандыруу үчүн билим берүү, маданий жана коомдук иш-чаралар өткөрүлүп турат.

Ошондой эле, катышуучулар мамлекеттик органдар менен диний уюмдардын өз ара аракеттенүүсү, экстремизмдин алдын алуу жана борбор калаада коомдук ынтымакты чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Жыйындын соңунда  ведомстволор аралык координацияны күчөтүү жана этностор аралык биримдикти жана толеранттуулукту сактоого багытталган чараларды ишке ашырууну улантуу боюнча тапшырмалар берилди.