Кыргыз Республикасынын Маданият кызматкерлеринин күнү майрамынын урматына Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын мэриясынын Октябрь административдик району боюнча муниципалдык администрациясынан Ардак грамоталар, сааттар жана медалдар менен сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чара жылуу жана майрамдык маанайда өттү. Октябрь райондук администрациясынын жетекчилиги маданият кызматкерлерине борбордун маданий мурасын сактоо жана өнүктүрүүдөгү баа жеткис салымы, искусство, билим берүү жана агартуу тармагындагы жигердүү эмгеги, кесипке болгон берилгендиги жана ишиндеги жогорку жыйынтыктары үчүн ыраазычылык билдирди.