Саат 5:00дөн баштап "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери биринчи карды тазалап жатышат. Бардык көчө шыпыргычтар өз участокторунда иштеп, шаардын көчөлөрүн жана тротуарларды кардан тазалап, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерлерди кол менен шыпырып, тазалап жатышат.
Кар тазалоочу техникалар да нөөмөттө:
10 бирдик "МАЗ", 3 бирдик "Шахман" унаасы жана 1 фронталдык жүктөгүч. Техникалар инерттүү материалды чачып, жолдогу карды тазалап жатышат. Бүгүн эртең менен муздун пайда болушунун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн жалпысынан 38,5 тонна туз жана кум-туз аралашмасы колдонулду.
Шаардын негизги көчөлөрүндө: Кожобергенов, Семетей, Байтик Баатыр, Шералиев, Масалиев, Жайыл баатыр, Чортеков, Алыкулов, Чынгыз Айтматов проспектиси, Тагай бий, Толстой, Садыгалиев, Жамгырчинов, Токомбаев, 7-апрель көчөлөрүндө, ошондой эле Байтик Баатыр, Ибраимов, 7-апрель жол өтмөктөрүндө, Элебесов көчөсүндөгү көпүрөдө жана Көк-Жар конушунун аймагында кар тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Карапаев, Нуржамал, 7-апрель, Түштүк магистралы, Сухэ Батор, Токтогул, Жибек Жолу, Манас, Айтматов көчөлөрүндө, Ала-Тоо аянтында, ошондой эле Рыскулов, Чүй, Фучик, Киев жана Москва көчөлөрүндө карды тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Иш күчөтүлгөн режимде уланууда. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын бардык кызматтары нөөмөттө жана тазалоого даяр.