Бишкек шаарынын мэриясы Социалдык жатаканада оңдоо иштерин жүргүзүүгө жана сантехниканы алмаштырууга акча каражатын бөлдү. Мындан тышкары, жумшак эмеректерди жана төшөнчүлөрдү сатып алууга бюджет бөлүнгөн.
Социалдык жатакананын ишмердүүлүгүнүн негизги максаттары жана милдеттери:
- билим берүү жана башка мекемелерде, анын ичинде социалдык тейлөө мекемелеринде, үй-бүлөлүк типтеги балдар үйлөрүндө, кабыл алуучу үй-бүлөлөрдө болгондон кийин ата-энесинин камкордугусуз калган жетим балдардын жана балдардын ичинен 16 жаштан 23 жашка чейинки адамдарга, ошондой эле 18 жаштан 23 жашка чейинки оор турмуштук кырдаалга кабылган жетим, жарым жетим балдарга убактылуу социалдык турак жай жана адаптациялоо жана реабилитациялоо боюнча социалдык колдоо көрсөтүү.
Социалдык жатаканада кызмат алуучуларга психологиялык колдоо көрсөтүлөт, азыркы коомдо өз алдынча жашоо үчүн кесиптик багыт берүүгө көмөктөшөт. Социалдык реабилитациялоо жана интеграциялоо боюнча жеке программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу.
Социалдык жатакана адамдарга 12 айдан 24 айга чейинки мөөнөткө убактылуу турак жай берет. 53 адамга ылайыкталган.
Бүгүнкү күндө Социалдык жатаканада 37 кызмат алуучу жашайт (алардын ичинен 30 бала, 7 кыз).



