2025-жылдын ноябрынан 2026-жылдын май айына чейин Бишкек жана Ташкент шаарларында шайба менен хоккей боюнча Өзбекстан Республикасынын Ачык чемпионаты өтүүдө. Биринчи тур 2025-жылдын 1–10-ноябрында Бишкек Аренасынын муз үстүндө болуп өттү.
Чемпионат Өзбекстан Хоккей федерациясынын (ФХУ) колдоосу менен өткөрүлүп, өзбек жана чет мамлекеттердин клубдарын бириктирет. Чемпионат ачык форматта өтүүдө.
Бишкек шаарын эки команда — «UCHUR» жана ОРАБӨСОМ «Алга» командасы катышып, борбор калаанын курама командасында мелдешүүдө.
Мындан тышкары, оюндар башталар алдында ОРАБӨСОМ «Алга» командасын Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева барып, спортчуларга ийгиликтерди жана жеңиштерди каалады. Жолугушуу жылуу маанайда өтүп, спортчуларга дем-күч берген сөздөр айтылып, андан кийин команда муз аянтчасына чыкты.
Чемпионатка беш команда катышууда:
* HUMO (Ташкент, Өзбекстан);
* BINOKOR (Ташкент, Өзбекстан);
* SHERDOR (Самарканд, Өзбекстан);
* UCHUR (Бишкек, Кыргызстан);
* SDYUSHORSI-ALGA (Бишкек, Кыргызстан).





