Шаар тургундарынын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамын аткаруу үчүн жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 44 жана 48-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясы буйрук чыгарды.

Аталган буйруктун негизинде Бишкек шаарындагы коомдук тамактануу жайларынын, маданий-көңүл ачуу мекемелеринин (кафе, ресторан, бар, клуб, банкет залдары жана башка объектилер) жетекчилери бардык салтанаттуу, маданий-көңүл ачуу иш-чараларын токтотууну, ошондой эле бул жайлардын ишин саат 22:00дөн кечиктирбестен аяктоону камсыздоого тийиш. Саат 22:00дөн кийин электр энергиясын керектеген бардык жабдуулар, өзгөчө көп энергия сарптаган шаймандар (электр мештери, жылытуучулар, тандырлар ж.б.) толук өчүрүлүүгө тийиш.

Ошондой эле белгиленген убакыттан кийин катуу музыка, жарык берүүчү жабдуулар же жарандардын тынчтыгын бузган башка аракеттер менен коштолгон иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат.

Муну менен катар, турак жайлардан алыс жайгашкан объектилерге жана «Тынчтык жөнүндө» Мыйзамдын бардык талаптары толук сакталганда электр генераторлорун колдонууга уруксат берилет.

Райондук администрациялар жана муниципалдык инспекция бул маселени көзөмөлгө алып, үзгүлтүксүз рейддик иш-чараларды өткөрүп турууга милдеттендирилди.