Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы борбор калааны жашылдандыруу боюнча шаардын экологиялык өнөктүгүнө катышты. Катышуучулар №72-мектептин окуучулары жана мугалимдери менен биргеликте жаш көчөттөрдү отургузуп, Бишкекти жашылдандырууга салым кошушту.
Мектептин аймагына жалпысынан 110 туя дарагы отургузулду, алар жакында мектептин короосун кооздоп, шаардын жашыл тилкесинин бир бөлүгүнө айланат.
Отургузгандан кийин катышуучулар бак-дарактарга символикалык түрдө жаркыраган ленталарды байлашты. Мэриянын басма сөз кызматы жана мектептин кызматкерлери ар бир дарактын тамыр алып, бекем өсүшүн камсыз кылуу үчүн жашылдандыруу иштерин биргелешип жүргүзүшөт.
Белгилей кетсек, жылдын аягына чейин борбор калаада 15 000ден ашык көчөт отургузулат. Быйыл жазында 7824 бак-дарак отургузулган.












