Бүгүн, 2025-жылдын 14-ноябрында, таштандыларды кайра иштетүүчү заводдо катуу тиричилик калдыктарды биринчи пилоттук жеткирүү болду.
Ишке киргизүүгө Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.
Пилоттук режимдин алкагында 17 даана атайын техника бирден рейс жасап, жалпы жонунан 126 тонна таштанды жеткирди. Көлөм 1 000 тоннага жеткенден кийин, таштандыларды утилдештирип, андан соң электр энергиясын өндүрүү процесси ишке киргизилет.
Мэр Айбек Джунушалиев дагы объектини жеке өзү текшерип, курулуштун жүрүшүн жана ишке киргизүү иштерин карап чыкты.
Заводдун курулушу учурда акыркы этабында. Объекттин ачылышы 2025-жылдын 26-декабрында пландаштырылууда.
Долбоор 2023-жылдын ноябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Junxin компаниясынын башкы директору Дай Даогуо тарабынан кол коюлган алкактык келишимдин алкагында ишке ашырылууда. 2024-жылдын 29-мартында курулуш аянтчасына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын катышуусунда мезгил кутусу салынган.
Инвестициялык долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 28-мартындагы №113 токтому менен бекитилген. Инвестициянын жалпы көлөмү 95 миллион АКШ долларын түзөт.












