Бишкек шаарында эттин баасын негизсиз көтөрүүдөн алдын алуу боюнча кезектеги рейддик иш-чаралар аяктады. Текшерүүлөр Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын 2025-жылдын 14-августундагы буйругунун, ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 15-августундагы тапшырмасынын алкагында өткөрүлдү.

2025-жылдын 15-августунан 11-ноябрына чейин төрт райондун муниципалдык администрациялары муниципалдык аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, Муниципалдык инспекция, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызмат, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматынын инспекторлору менен биргеликте 266 рейддик иш-чара өткөрдү.

Рейддер төмөнкү объектилерди камтыды:

Ири базарлар: «Ош базары», «Дордой Моторс», «Аламүдүн», «Орто-Сай» ж.б.;

Супермаркеттер тармагы: «Азия», «Глобус», «Народный» ж.б.;

Дүкөндөр: «Устукан», «Нарын ЭТ», «Огород», «Элет», «Эт Мясо», «Нурико» ж.б.

Эт азыктарынын баасын негизсиз көтөргөн учурларда Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан административдик айыптар каралат.