Кыргыз Республикасынын Президентинин 2020-жылдын 13-ноябрындагы №39 Жарлыгы менен бекитилген "Кыргыз жараны" аттуу 2021–2026-жылдарга карата жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында Төлөгөн Касымбеков атындагы борбордук китепканада Кыргыз эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналган адабий кече өттү.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов ачты. Ал өз сөзүндө жарандык иденттүүлүктү өнүктүрүү жаатындагы мамлекеттик саясатты ырааттуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгилеп, Топчугүл Шайдуллаеванын улуттук адабиятты чыңдоого кошкон салымын белгиледи.
Кечтин ардактуу конокторунун арасында:
— К. Карасаев атындагы Кыргыз медициналык университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты жана мамлекеттик тил кафедрасынын башчысы Асыл Жамашева;
— окурман жана ишкер Турсунай Сыргатаева;
— акын Айгүл Тоголокова.
Катышуучулар жазуучунун жаркын көркөм образдарды жаратуудагы чеберчилигин белгилеп, ага мындан аркы чыгармачылык ийгиликтерди каалашты.
Куттуктоо сөздөрүнөн кийин Топчугул Шайдуллаева өзүнүн чыгармачылык жолунун тарыхы менен бөлүшүп, окурмандардын суроолоруна жооп берди.
Иш-чараны Бишкек шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын Борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Кулсайра Дандыбаева жыйынтыктап, активдүү катышуучуларга жана ардактуу конокторго ыраазычылык каттарын тапшырды.
Программада ошондой эле Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин жаш артисттеринин музыкалык концерттери кечке өзгөчө маанай тартуулады.



