2025-жылдын 18-ноябрында «Газпром-балдарга» дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде «Олимп» ОРАБӨМүнүн тарбиялануучуларынын жети спорт түрү боюнча Ачык турнирлери башталды. Алар каратэ-до, дзюдо, самбо, грек-рим күрөшү, эркектер арасында эркин күрөш, кыз-келиндер күрөшү жана көркөм гимнастика.
Турнирди Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева ачып, жаш спортчуларга ийгилик жана жеңиштерди каалады. Ошондой эле сөзүндө балдардын спорттук жетишкендиктери үчүн машыктыруучулар менен ата-энелердин салымы чоң экегдигин белгилеп өттү.
Салтанаттуу иш чаранын катышуучулары:
– Казыбек Молдажиев — Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору;
– Жоомарт Шамканов — Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору;
– Каныбек Турдумамбетов — Кыргыз Республикасынын каратэ-до улуттук федерациясынын президенти;
– Эрлан Шеров — дзюдоист, дүйнө чемпионатынын коло медал ээси, Азия оюндарынын чемпиону;
– Нуртаева Нурзат — эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын коло медал ээси;
– Амантур Исмаилов — грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын жана дүйнө чемпионатынын коло медал ээси.
Ачылыш азем «Олимп» ОРАБӨМдүн жаш гимнаст кыздарынын өнөр көрсөтүүсүнүн коштоосунда өттү.
Бүгүн каратэ-до боюнча мелдеш өтүп, ар бир бөлүмдөн 30 спортчу катышып, жалпы катышуучулардын саны 210 адамды түздү. Мелдеш балдар жана кыздар арасында өткөрүлүүдө.
Мелдештин уюштуруучулары «Олимп» ОРАБӨМү менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти болду.






