Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышып, борбордогу №1220 шайлоо участогунда добуш берди.
Бул күнү Бишкекте добуш берүүнү санаган автоматтык урналар менен толук жабдылган 296 шайлоо участогу иштеп жатат. Участкалык комиссиялардын операторлору жаңыланган жабдыктар менен иштөө боюнча окуудан өтүштү.
Борбор калаада 296 участоктук шайлоо комиссиясы жана 4 шайлоо округу түзүлдү. Алардын ичинен 233 шайлоо участогу шаардык райондордо, ал эми 63 шайлоо участогу Чүй облусунун райондорунда (Аламүдүн, Ысык-Ата жана Сокулук райондору) жайгашкан. Бишкек шаарынын мэриясы бардык 296 шайлоо участогуна уюштуруучулук жана техникалык колдоо көрсөтүп жатат.
Добуш берүүнү жеткиликтүү кылуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы төмөнкү даректерде жайгашкан 11 аралыктан добуш берүү участогун ачты:
* Ош базары базары – 1 участок;
* Азия Молл соода борбору – 1 участок;
* Манас эл аралык аэропорту – 2 участок;
* Дордой базары – 2 участок; • Аламүдүн базары – 1 участок;
* Дордой Плаза комплекси – 1 участок;
* Бишкек Парк соода борбору – 1 участок;
* Улуттук оорукана (1200 орундуу) – 1 участок;
* Орто-Сай базары – 1 участок.








