2025-жылдын 3-декабрында Р. Санатбаев атындагы ОРАБӨМдүн спорт аянтчасында U-20 жаштар арасындагы грек-рим күрөшү боюнча «Манас» эл аралык турнири өткөрүлдү. Мелдешке 2006–2007–2008-жылдары төрөлгөн спортчулар катышты. Турнир төмөнкү салмак категорияларында өттү: 55 кг, 60 кг, 63 кг, 67 кг, 72 кг, 77 кг, 82 кг, 87 кг, 97 кг жана 130 кг.
Салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинир директору Казыбек Молдажиев, Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева, Бишкек шаарынын мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаментинин директору Жоомарт Шамканов, Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын грек-рим күрөшү боюнча Чүй облусу жана Бишкек шаары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Азат Эмилбеков катышышты.
Виктория Мозгачева өз сөзүндө мындай маанидеги спорттук иш-чараларды, айрыкча эл аралык деңгээлде өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, катышуучуларга ийгиликтерди жана ишенимдүү жеңиштерди каалады.
«Манас» турнири 2020-жылдан бери өткөрүлүп келет, ал эми 2022-жылы эл аралык макам алган. Быйылкы мелдешке Казакстандан келген спортчулар да катышып, бул жаш балбандардын ортосундагы спорттук кызматташтыкты жана тажрыйба алмашууну чыңдоого өбөлгө түзүүдө.
I–II–III орундарды ээлеген жеңүүчүлөр жана байге ээлери медаль, диплом жана уюштуруучулар менен демөөрчүлөрдөн эстеликке белектер менен сыйланышат. Ошондой эле чемпиондордун машыктыруучуларына акчалай сыйлыктар берилет.