Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттин агенттигинин директору Казыбек Молдажиев Р. Санатбаев атындагы спорт мектебине барды. «Манас» эл аралык турниринин ачылыш аземинен кийин Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева мектептин аймагын кыдырып, мекеменин материалдык-техникалык камсыздалышы менен тааныштырды.
Кыдыруу учурунда Виктория Мозгачева мэрия спорт тармагын туруктуу колдоого алып келе жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, шаардагы спорт залдарында эл аралык мелдештер, Кыргызстандын биринчиликтери, ошондой эле жаш өспүрүмдөр арасындагы таэквондо жана грек-рим күрөшү боюнча турнирлер өткөрүлүп келет. Ал ошондой эле мектепте балдар үчүн машыгуулар акысыз негизде өткөрүлөрүн айтып, бул спортко жеткиликтүүлүктү жогорулатып, келечектеги профессионал спортчуларды даярдоого шарт түзөрүн белгиледи.
Тараптар мындан аркы кызматташуу маселелерин да талкуулашты. Жолугушуунун жүрүшүндө «Манас» U-20 сыяктуу эл аралык мелдештер, ошондой эле U-15, U-16, U-17, U-20 категориялары боюнча башка турнирлер жана Кыргызстандын биринчиликтери мындан ары да Бишкек шаарынын мэриясы менен Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агентиктин уюштуруучулук колдоосу алдында биргеликте өткөрүлөрү боюнча макулдашылды.
Ошондой эле спорт инфраструктурасын өркүндөтүү жана машыгуу шарттарын жакшыртуу боюнча мындан аркы пландар каралды.