Биринчи май районундагы "Сейтек" балдар жана жаштар улуттук борборунда гендердик зомбулукка байланыштуу маалымдуулукту жогорулатууга жана анын алдын алууга багытталган тематикалык иш-чара өттү.
Иш-чарага Биринчи май районунун башчысынын орун басары Ч.Д. Жаныкеева, райондук прокурордун орун басары М. Турсуналиев, билим берүү башкармалыгынын башчысы С.К. Шербаева, Ички иштер башкармалыгынын, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын, Жергиликтүү аймактык башкармалыктардын өкүлдөрү, мектеп директорлору, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулар катышты.
Зомбулуктун алдын алуу ыкмалары жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү, ошондой эле №108 орто мектептин мугалимдери жана окуучулары тарабынан даярдалган трагедиялуу жашоо кырдаалдарына туш болгон аялдардын окуяларын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зоок жана музыкалык номерлер көрсөтүлдү.
Катышуучулар зомбулуктун алдын алуу бүтүндөй коомдун милдети экенин белгилеп, туруктуу ведомстволор аралык кызматташуунун, айрыкча аялдарды жана балдарды колдоодогу маанилүүлүгүн баса белгилешти.
Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүү аракеттер кампаниясы коомдун көңүлүн буруунун жана мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдүн биргелешкен ишин активдештирүүнүн маанилүү механизми болуп саналат.






