Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти №47 мектептин базасында «Манасты даңазалоо — кыргызды даңазалоо» жана «Айкөл Манасты сахналаштыруу» конкурстарынын шаардык этаптарын өткөрдү. Иш-чарага райондук этаптарда алдыңкы орундарды ээлеп, шаардык этапка чыккан окуучулар катышты.
Конкурстардын максаты — окуучулардын изилдөөгө болгон кызыгуусун арттыруу, чыгармачыл демилгелерин колдоо жана кыргыз элинин маданий-тарыхый мурастарын жайылтуу. Катышуучулар терең билимдерин, чыгармачылык мамилесин жана команда менен иштөө жөндөмүн көрсөтө алышты.
Калыстар тобуна эксперттик чөйрөнүн өкүлдөрү кирди: Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук тил комиссиянын өкүлү Кутмырза Жакыбалиев, маданияттын эмгек сиңирген ишмери, режиссёр жана актёр Назым Мендебаиров, Билим берүү департаментинин башкы адиси Гулира Молдоисаева.
Комиссия мүчөлөрү окуучулардын даярдык деңгээлин жогору баалап, изилдөөнүн актуалдуулугун, сахналык чеберчилигин жана «Манас» эпосуна болгон кылдат мамилесин белгилешти. Айрыкча, иштердин мазмундуулугуна жана теманы сахналаштыруу, көркөм образ аркылуу ачып берүү жөндөмүнө көңүл бурушту.
«Манасты даңазалоо — кыргызды даңазалоо» аттуу изилдөө долбоорлорунун конкурсу боюнча жыйынтыктар:
I орун — №49 мектеп;
II орун — №73 мектеп;
III орун — №69 жана №53 мектептери.
«Айкөл Манасты сахналаштыруу» конкурсу боюнча жыйынтыктар:
I орун — №45 мектеп;
II орун — №94 мектеп;
III орун — №78 мектеп.
Шаардык этаптын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Билим берүү департаментинин грамоталары менен сыйланышат.
Бул иш-чара таланттуу окуучуларды аныктоодо маанилүү аянтча болуп, өспүрүмдөрдүн илимий-изилдөө жана чыгармачыл потенциалын өнүктүрүүгө өбөлгө түздү.
и творческого потенциала подрастающего поколения.




