Кыргыз элинин көрүнүктүү жазуучусу жана коомдук ишмери Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилөөнүн алкагында Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү уюмдарда өлкөнүн маданий жана адабий мурасына болгон сый-урматты тарбиялоого багытталган тематикалык иш-чаралар өткөрүлдү.
Иш-чаралардын жүрүшүндө окуучулар Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча адабий конкурстарга жана викториналарга катышып, анын белгилүү чыгармаларынан сахналаштырылган үзүндүлөрдү көрсөтүштү, ошондой эле жазуучунун чыгармаларында көтөрүлгөн негизги адеп-ахлактык маселелерди талкуулашты.
Окуучулардын чыгармачыл ой жүгүртүүсүн жана баарлашуу көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Окуучулар баяндамаларды даярдап, талкууларга катышып, өздөрүнүн адабий эмгектерин жаратып, жазуучунун мурасына болгон терең кызыгуусун көрсөтүштү.
Өткөрүлгөн иш-чаралар окуучулардын улуттук таанымын калыптандырууга, Кыргызстандын маданий мурасына болгон урмат-сыйды арттырууга жана Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгынын азыркы коом үчүн маанисин билг өбөлгө түздү.
Окуучулардын жана педагогдордун активдүү катышуусун өзгөчө белгилөөгө болот. Мындай демилгелер өсүп келе жаткан муунду адабиятты изилдөөгө шыктандырып, сынчыл жана чыгармачыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө жардам берет.



