2025-жылдын 15-декабрында Ала-Тоо аянтында Бишкек шаарынын башкы жаңы жылдык балатысын салтанаттуу жандыруу аземи болуп өттү.

Шаар тургундарын  жана борбор калаанын конокторун  Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Жылдызбек Абдраимов куттуктады.

«Көз жоосун алган жаңы жылдык балатыбыздын жарыгы шаарыбызды өзгөчө кооздукка бөлөп, ар бир шаар тургунуна жана коногубузга жылуулук, кубаныч тартууласын. Жаңы жыл-жаңы үмүттөрдүн, таза тилектердин, келечекке карай жасалган чоң максаттардын майрамы. Өз сапарын карытып бара жаткан 2025-жыл шаарыбыз үчүн жемиштүү, жигердүү иштердин жылы болду. Жыл ичинде маанилүү жана эң керектүү долбоорлор ишке ашырылды. Шаарыбызда бир катар социалдык объектилер, мектептер, бала бакчалар, жолдор курулуп, пайдаланууга берилди. Алдыда бизди дагы чоң максаттар күтүп турат. Борбор шаарыбызды өнүктүрүү, коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап калаага айлантуу үчүн олуттуу пландарды ишке ашырууга бел байлап жатабыз», — деп белгиледи мэр Айбек Джунушалиев.

Иш-чаранын коноктору үчүн бай жана кызыктуу майрамдык программа даярдалып, чыныгы жомоктогудай атмосфера түзүлдү. Сахнада популярдуу артисттер жана сүйүктүү аткаруучулар — Айчүрөк Иманалиева, Ильяз Абдразаков, Алтынай Асанбекова, Шухрат Якубов, Аваз Акимов, Айдана Дека, Алмаз Шаадаев, Бегиш жана башка ырчылар өнөрлөрүн тартуулашты.

Кеченин эң таасирдүү учурларынын бири көрүүчүлөргө унутулгус эмоция тартуулаган жана майрамдык программанын кульминациясына айланган өзгөчө фаер-шоу болду.

Кеченин негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — Ала-Тоо аянтында жайгашкан кеңири эс алуу аймагы болду. Борбор калаанын жүрөгү үй-бүлөлүк эс алуу жана кышкы көңүл ачуу жайына айланып, кооз жаңы жылдык жасалгалар, жомоктогудай инсталляциялар, тематикалык фотозоналар, ысык суусундуктар жана стрит-фуд сунушталган фуд-корт, ошондой эле ачык асман алдындагы эң чоң муз аянтчасы майрамдык жана жылуу маанай жаратты. Балдар үчүн Аяз-Ата жана Санта-Клаустун кабылдамалары иштеп, белектер таратылып, шоколад жана пряник жасоо боюнча мастер-класстар өткөрүлдү.

Иш-чаранын алкагында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев шаар мэриясынын резервдик фондунан Насыйкат Баймырзаевага зарыл операция жүргүзүү үчүн акчалай сертификат тапшырды.

Урматтуу шаар тургундары жана борбор калаанын коноктору! Сиздерди келе жаткан Жаңы жыл менен куттуктайбыз жана майрам күндөрдү шаардын борборунда — үй-бүлөңүз жана досторуңуз менен бирге өткөрүүгө,  чыныгы кышкы жомоктун атмосферасынан ырахат алууга чакырабыз!