Бишкек шаарында жаңы  2026- жылды белгилөө учурунда коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга шаардык жана укук коргоо органдарынын даярдыгы талкууланган Укук бузуулардын алдын алуу боюнча координациялык комиссиянын жыйыны өттү.

Жыйынга Бишкек шаарынын прокуратурасынын, Бишкек шаары боюнча ЖЖКБ жана ИИББнын, Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Бишкек шаардык башкармалыгынын өкүлдөрү, ошондой эле райондордун акимдери, муниципалдык кызматтардын жана тиешелүү мекемелердин жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө укук бузуулардын алдын алуу жана коомдук жайларда коомдук коопсуздукту камсыздоо чараларына өзгөчө көңүл бурулду. Мындан тышкары, аялдарга жана жашы жете электерге карата укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында жооптуу органдарга ведомстволор аралык кызматташтыкты күчөтүүгө, алдын алуу иштеринин деңгээлин жогорулатууга жана борбор калаада Жаңы жылдык майрамдарды коопсуз жана тынч өткөрүүнү камсыз кылууга багытталган конкреттүү тапшырмалар берилди.