Майыптыгы бар адамдар үчүн арналган «Аяр» реабилитациялык борборунда «Нарктуу келин» аттуу сынак өткөрүлдү. Иш-чарага тарбиялануучулардын энелери жана борбордун кызматкерлери катышты.
Сынак Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 18-декабрындагы № 369 Жарлыгына ылайык кабыл алынган «Улуттук рух – дүйнөлүк бийиктиктер» Доктринасынын (Уңгужол) алкагында өткөрүлүп, улуттук салт-санааларды сактоо жана өнүктүрүү, үй-бүлөлүк баалуулуктарды чыңдоо, ошондой эле коомдогу аялзатынын ролун жогорулатууга багытталган.
Сынак алты этаптан турду. Катышуучулар өздөрүн чыгармачылык формада тааныштырып, үй-бүлө тууралуу видеороликтерди сунушташты, өз таланттарын жана чеберчиликтерин көрсөтүштү. Сынактын жүрүшүндө улуттук тамак-аштар жана таттуулар даярдалып, салттуу кийимдердин элементтери тааныштырылды. Ошондой эле тапкычтыкты жана зиректикти талап кылган турмуштук кырдаалдар сахналаштырылды.
Катышуучулардын өнөрлөрүнө тармактык мекемелердин өкүлдөрүнөн жана ата-энелер коомчулугунан турган калыстар тобу баа берди.
Иш-чара жылуу жана достук маанайда өтүп, катышуучуларга жана конокторго жагымдуу маанай тартуулады.




