Борбор калаанын мэриясынын жыйындар залында Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиевдин жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусунда жыйын өттү.
Жыйындын күн тартибинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик тилди колдонуу маселеси жана Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» Конституциялык мыйзамын ишке ашыруу талкууланды.
Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев аталган мыйзам, анын айрым жоболору тууралуу кеңири маалымат берип, кыргыз тилинин маанисине токтолду. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин, ишкерлердин тарабынан кетирилип жаткан көп кездешүүчү каталарды белгиледи.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев мэрия тарабынан мамлекеттик тилдин бардык тармактарында колдонулушуна катуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын белгиледи.
«Биз кыргыз тилин өнүктүрүп, жайылтууга тийишпиз. Кыргыз тили — бул жөн гана укук эмес, биздин милдет», - деди шаар мэри.
Ошондой эле Улуттук комиссиянын өкүлдөрү мамлекеттик тилди жайылтуу жана үйрөнүү максатында ишке ашырылып жаткан санариптик демилгелер тууралуу маалымат беришти:
«Ай тил» — кыргыз тили менен иштөөгө арналган жасалма интеллект;
«Кыргызча оңой / Easy Kyrgyz» — тил үйрөнүү платформасы;
«Бал тил» — балдар үчүн таанып-билүүчү мобилдик колдонмо.
Мындан тышкары, document.gov.kg порталы ишин улантууда. Анда 700дөн ашык арыздардын, актылардын жана башка расмий документтердин үлгүлөрү, ошондой эле мекеменин YouTube-каналында жарыяланган окутуучу видеоматериалдар жайгаштырылган.



