Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Эмен багындагы  фонтанды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө үч чөйчөк жана үч колонна үчүн бардык армокаркастар даярдалды. Кийинки монолиттик бетондоо иштерин жүргүзүү үчүн опалубканы онотуу иштери уланууда.

Жогорку чөйчөк толугу менен куюлуп бүттү, калган чөйчөктөр түздөн-түз ордунда куюлат. Бардык армокаркастар жана опалубкалар толук даяр.

Учурда бетон негиздери куюу иштери аткарылууда, андан кийин каркасты орнотуу жана арматура байлоо иштери пландалган. Ушул айдын ичинде котлованды кайра жабуу жана фонтандын жогорку бөлүгүн монтаждоо каралган.

Белгилей кетсек, фонтандын тарыхый бөлүгү сакталып, «Тазалык» муниципалдык ишканасына сактоого өткөрүлүп берилди.