Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, IV Элдик курултайдын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объекттин ачылышына онлайн форматта старт берди.
Бишкек шаарында жалпысы 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди.
Жаңы объекттердин катарында 180 орунга ылайыкталган №88 «Баластан» бала бакчасы да бар. Салтанаттуу ачылыш аземине Капиталдык курулуш башкармалыгынын начальниги Эрмек Арымбаев, Свердлов районунун акиминин орун басары Азат Ракымов жана бала бакчанын директору Саида Джумалиева катышты.
Жалпы аянты 1 800 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат 0,6 гектар жер тилкесинде жайгашып, коопсуздук, ыңгайлуулук жана функционалдуулук боюнча заманбап талаптарга толук жооп берет.
Биринчи кабатта төрт топ үчүн оюн жана уктоочу бөлмөлөр, буфет, кир жуучу жана үтүктөө бөлмөлөрү, санитардык түйүндөр, кызматкерлер үчүн бөлмө, медициналык кабинет, ашкана жана техникалык жайлар жайгашкан. Экинчи кабатта дагы төрт топ үчүн оюн жана уктоочу бөлмөлөр, бала бакчанын башчысынын кабинети, ошондой эле музыкалык жана гимнастикалык сабактар үчүн залдар бар.
Ишти натыйжалуу уюштуруунун алкагында бала бакча 360 балага чейин кабыл ала алат. Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлөт, мекеменин кадрдык курамы толук камсыздалган.
Долбоордун алкагында аймакты көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүп, ички жасалгалоо толугу менен бүткөрүлдү, имараттын фасады жаңыланып, тосмо орнотулду. Подрядчы уюм катары «Рим и Ко» ЖЧКсы иш алып барды.







