Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, IV Элдик курултайдын алкагында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев өлкө боюнча 94 социалдык жана өндүрүштүк объекттин ачылышына старт берди.
Бишкек шаарында 5 социалдык жана 1 өндүрүштүк объект пайдаланууга берилди. Социалдык объекттердин катарында Ленин районундагы «Арча-Бешик» конушунда жаңы эки кабаттуу мектепке чейинки билим берүү мекемесинин салтанаттуу ачылышы болду.
Ачылыш аземине Бишкек шаарынын мэринин орун басары Рамиз Алиев, Ленин районунун акиминин орун басары Бактыгүл Исмаилова жана бала бакчанын директору Махабат Малабекова катышты.
Бала бакча 0,27 гектар аянттагы жер тилкесинде курулган. Курулуш иштерин «Нефрит Строй» ЖЧКсы аткарган.
Биринчи жана экинчи кабатта кабыл алуу бөлмөлөрү жана кийим алмаштыруучу жайлар, оюн жана уктоо бөлмөлөрү, ашкана, даярдоо жана таратуу бөлмөсү, идиш жууучу жай, жашылча жана кургак азыктар үчүн кампалар, медициналык кабинет, изолятор, дезинфекциялоо бөлмөсү, кир жуу жана үтүктөө бөлмөсү, электр калканы, кызматкерлер үчүн бөлмө жана санитардык түйүндөр жайгашкан.
Жаңы бала бакчанын ачылышы «Арча-Бешик» конушунун балдары үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртып, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет.








