Бишкек шаарынын мэриясы маалымдайт: 2026-жылдын 12-январында расмий сайтта Бишкек шаарынын 2050-жылга чейинки Генералдык планынын долбоору боюнча өткөрүлгөн коомдук угууларда шаар тургундарынан келип түшкөн сунуштар жана эскертүүлөрдүн кароо жыйынтыктары жарыяланды.

Сунуштарды жана эскертүүлөрдү кабыл алуу Кыргыз Республикасынын «Шаар куруу документациясы боюнча коомдук угууларды өткөрүү тартиби жөнүндө» жобосуна ылайык жүргүзүлдү. Шаар тургундары өз кайрылууларын протокол жайгаштырылган күндөн тартып жети календардык күндүн ичинде, тактап айтканда, 2026-жылдын 12-январынан 19-январына чейин жөнөтүшкөн.

Белгиленген тартипте 2026-жылдын 19-январына чейин протоколго жана функционалдык зоналоо схемасына келип түшкөн сунуштар жана арыздар каралып чыкты.

Жарандардын сунуштарын жана арыздарын кароонун жыйынтыктары менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:

1

2