Бүгүн, 2026-жылдын 27-апрелинде, Бишкектеги «Тунгуч» залында мектеп окуучуларынын жана бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда интерактивдүү диалог өттү. Иш-чара балдардын укуктарына жана кызыкчылыктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алууга алардын катышуусун кеңейтүү маселелерине арналды.
Иш-чараны Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Бишкек шаарынын мэриясынын жана «Балдарды коргоо борбору» коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурду. Диалогго борбор калаанын төрт районундагы жалпы билим берүү уюмдарынан 42 окуучусу, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана билим берүү системасынын өкүлдөрү катышты.
Катышуучуларга куттуктоо сөзү менен Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Кыргыз Республикасынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева кайрылышты.
Мэрдин орун басары бардык катышуучуларга жемиштүү иш, ачык жана конструктивдүү пикир алмашуу жана шаардын жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөрдүн негизи боло турган конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга токтолду.
«Биз үчүн да, силер үчүн да жаңы тажрыйба, өз ара аракеттенүүнүн жаңы форматы жана диалогдун жаңы деңгээли. Силер талкууларга активдүү катышып, четте калбай, өз оюңарды ачык билдиришиңер абдан маанилүү», — деп баса белгиледи Виктория Мозгачева.
Программанын алкагында катышуучулар жолугушуудан эмнени күтөөрүн талкуулашып, мектеп окуучулары туш болгон негизги көйгөйлөрдү аныкташты жана аларды чечүү жолдорун сунушташты. Иш процесси интерактивдүү форматта, анын ичинде жуптарда жана топтордо талкуулоо, ошондой эле «Дүйнөлүк кафе» жана «Чечимдер галереясы» методикаларын колдонуу менен жүрдү.
Аныкталган көйгөйлөргө артыкчылык берүүгө жана окуу шарттарын жакшыртууга, мектептин өзүн-өзү башкаруусун өнүктүрүүгө жана балдардын укуктарын коргоого багытталган конкреттүү сунуштарды иштеп чыгууга өзгөчө көңүл бурулду. Топтук иштин жыйынтыктары пленардык жыйында сунушталды, анда катышуучулар биргелешип эң маанилүү демилгелердин тизмесин түзүштү.
Иш-чара сунушталган идеяларды ишке ашыруу боюнча кийинки кадамдарды кыскача баяндап, талкуулоо менен аяктады.




.














