Бүгүн, 2026-жылдын 13-майында, "Бишкек ЖЭБ" ишканасынын кызматкерлери үчүн үй-бүлөлүк зомбулукка каршы туруу боюнча лекция болуп өттү.

Бишкек шаарынын ИИБ кызматкерлери баяндама жасашты. Иш-чаранын жүрүшүндө ишкананын кызматкерлерине үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу чаралары, Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары, ошондой эле  жоопкерчилик жөнүндө маалымат берилди.

Жарандардын укуктарын коргоо, өз убагында жардам сурап кайрылуу жана коомдо зомбулуктун бардык көрүнүштөрүнө чыдамсыз мамиле түзүүнүн маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.  

Ошондой эле лекциянын катышуучуларына укук коргоо органдарына кайрылуу тартиби түшүндүрүлүп, оор турмуштук кырдаалга кабылган адамдарды колдоо чаралары жөнүндө айтылды.

Мындай иш-чаралар кызматкерлердин укуктук сабаттуулугун жогорулатууга жана жамаатта коопсуздук маданиятын чыңдоого багытталган.