КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ


2026-жылдын 13-февралы № 14

Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө

1-глава. Жалпы жоболор

1-берене. Ушул Мыйзамды колдонуу чөйрөсү

Ушул Мыйзам адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коррупциялык көрүнүштөрдүн натыйжасында пайда болгон коркунучтардан коррупциянын алдын алуу, ага каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу чараларын жана механизмдерин тутумдуу колдонуу аркылуу коргоого багытталган Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатынын укуктук жана уюштуруучулук негиздерин белгилейт.

2-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган терминдердин маанилери

1. Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана алардын аныктамалары колдонулат:

1)коррупция- кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган жосун, ошого тете коррупциялык укук бузуулардын субъекттери тарабынан өзү же башка адамдар үчүн мыйзамсыз пайда алуу же болбосо мындай пайда сунушун кабыл алуу максатында аларга берилген кызматтык ыйгарым укуктарды же алар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу же кызмат адамын ага берилген кызматтык ыйгарым укуктарын же алар менен байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү укукка каршы пайдаланууга көндүрүү максатында бул адамга же анын талабы боюнча башка жеке же юридикалык жактарга мыйзамсыз пайданы сунуштоо же берүү;

2)мыйзамсыз пайда- кызмат адамы же ага теңештирилген адам өзүнүн кызматтык абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдалануусуна байланыштуу бул үчүн мыйзамдуу негиздерсиз убада кылган, сунуштаган, берген же алган, мыйзамдуулук жана мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугу принциптерине каршы келген, мамлекеттик же коомдук кызыкчылыктарга зыян келтирген ар кандай материалдык же материалдык эмес байлыктар (анын ичинде акча каражаттары, мүлк, кызмат көрсөтүүлөр, жеңилдиктер, артыкчылыктар жана башка активдер);

3)коррупцияга каршы аракеттенүү- коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин коррупциянын алдын алуу, коррупцияга каршы күрөшүү, коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу жана (же) жоюу боюнча алардын ыйгарым укуктарынын чегиндеги, төмөнкүлөрдү камтыган иши:

а) коррупциянын алдын алуу - коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды изилдөө, аныктоо жана жоюу боюнча чаралардын топтому, ошондой эле коомдо коррупцияга келишпестикти калыптандырууга багытталган ишмердүүлүк;

б) коррупцияга каршы күрөшүү - коррупциялык укук бузууларды аныктоо, иликтөө, бетин ачуу жана бөгөт коюу;

в) коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу жана (же) жоюу - коррупциялык укук бузуулар келтирген зыяндын оордугун азайтууга, коррупциянын кесепеттерин жоюуга багытталган тиешелүү чараларды колдонуу;

4)коррупциогендик фактор- коррупциялык укук бузууларды жасоого мүмкүнчүлүк түзгөн, укуктук, башкаруу, уюштуруучулук же социалдык-экономикалык тутумдагы ар кандай укуктук ченем, шарт же тажрыйба;

5)коррупциялык тобокелдик- коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептердин жана шарттардын пайда болуу ыктымалдыгы;

6)коррупцияга каршы экспертиза- ченемдик укуктук актынын (ченемдик укуктук актынын долбоорунун) жоболорунда коррупциогендик факторлордун бар экендигин талдоо, алардын коррупциогендик даражасын баалоо жана аларды алып салуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

7)коррупцияга каршы стандарттар- коррупциянын алдын алууну камсыз кылуучу чектөөлөрдүн, тыюу салуулардын жана талаптардын бирдиктүү тутуму;

8)жакын туугандар- ата-эне, балдар, асырап алуучулар, асырап алынгандар, ата-энеси бир жана ата-энеси башка эркек жана кыз бир туугандар, чоң ата, чоң эне, таята, таяне, неберелер;

9)кайын журт- күйөөсүнүн (аялынын) жакын туугандары;

10)аффилирленген жактар- башка адамдын чечим кабыл алуусуна түз же кыйыр түрдө, анын ичинде төмөнкүлөрдүн натыйжасында таасир этиши мүмкүн болгон жеке же юридикалык жактар:

а) түзүлгөн бүтүм (келишим);

б) юридикалык жактын уставдык капиталындагы үлүшкө (акцияларга) ээлик кылуу;

в) финансылык же башка милдеттенмелерге байланыштуу башка жеке же юридикалык жакка көз каранды болуу же анын контролунда болуу;

г) үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле багуудагы же толук камкордуктагы башка адамдар менен жакын туугандыкта же кайын журт болуу.

2. Эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, ушул беренеде аныкталбаган жана ушул Мыйзамда колдонулган терминдер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында пайдаланылган мааниде колдонулат.

3-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар

1. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн укуктук негизин Кыргыз РеспубликасынынКонституциясы, конституциялык мыйзамдар, ушул Мыйзам, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары, эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана ченемдери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер түзөт.

2. Коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазакодексинде, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндөкодексиндежана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында белгиленет.

4-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн принциптери

Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү төмөнкүдөй принциптерге негизденет:

1) мыйзамдуулук;

2) адамдын жана жарандын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү эске алуу менен мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачыктыгы жана айкындуулугу;

4) коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликтин сөзсүз болушу;

5) коррупцияга каршы аракеттенүүгө көмөк көрсөткөн жактардын коопсуздугун, корголушун жана укуктук кепилдиктерин камсыз кылуу;

6) мамлекеттин жарандык коом, эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттер менен өз ара аракеттенүүсү жана кызматташуусу.

5-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаты жана милдеттери

Коррупцияга каршы аракеттенүүнүн максаты болуп төмөнкүдөй милдеттерди ишке ашыруу аркылуу мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тутумунда, ошондой эле мамлекеттик эмес сектордо коррупцияны түп-тамырынан жоюу саналат:

1) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында укуктук жүрүм-турумду жакшыртуу, коомдо коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;

2) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин маалыматтык ачыктыгын, айкындуулугун камсыз кылуу;

3) коррупцияга каршы аракеттенүү чараларын жана механизмдерин аныктоо, алардын колдонулушуна мониторинг жүргүзүү;

4) коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды изилдөө, аныктоо жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу;

5) коррупциялык укук бузууларды аныктоо, бөгөт коюу, бетин ачуу жана иликтөө;

6) коррупциялык укук бузуулар үчүн жоопкерчиликти камсыз кылуу, коррупциялык укук бузуулар келтирген зыяндын ордун толтуруу;

7) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү.

6-берене. Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери

Коррупциялык укук бузуулардын субъекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын реестринде каралган мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар;

2) Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү;

3) Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы, анын орун басарлары, башкармасынын мүчөлөрү, ошондой эле кызматчылары;

4) техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы статусуна ээ болбогон, бирок ошол эле учурда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек ишин жүзөгө ашырган адамдар;

5) ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын жетекчилери;

6) мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери.

2-глава. Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттери жана алардын ишинин негиздери

7-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттери

1. Кыргыз Республикасынын Президенти коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын аныктайт.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча мыйзамдарды кабыл алууну камсыз кылат, ошондой эле алардын аткарылышына көзөмөл жүргүзөт.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик саясатты иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыз кылат.

4. Кыргыз Республикасынын Прокуратурасы коррупцияга каршы мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөйт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына коррупцияга каршы экспертиза жүргүзөт, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин координациялайт.

5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырышат.

6. Мамлекеттик, муниципалдык мекемелер жана ишканалар, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактар өз компетенциясынын чегинде коррупциянын алдын алуу боюнча чараларды өз ишине киргизүү аркылуу коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты ишке ашырышат.

7. Укук коргоо органдары, прокуратура органдары жана сот органдары өз ыйгарым укуктарынын чегинде коррупциялык укук бузууларды аныктоого, алдын алууга, бөгөт коюуга жана күнөөлүү адамдарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга багытталган тергөө-ыкчам иш-чараларды, көзөмөлдөө иш-милдеттерин жана сот адилеттигин жүзөгө ашырышат.

8-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин ишинин максаттары

Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттеринин иши төмөнкүлөр аркылуу жүзөгө ашырылат:

1) коррупция чөйрөсүндөгү изилдөөлөргө жана коррупциялык тобокелдиктерди талдоого негизденген натыйжалуу ишти уюштуруу, алардын ишинде коррупциялык укук бузууларга жол бербөө;

2) кызматкерлердин квалификациясын туруктуу негизде жогорулатуу, коррупциялык укук бузууларга каршы күрөшүүнүн заманбап тариздерин жана усулдарын колдонуу, укук коргоо органдарын техникалык камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу, алардын ишине заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү;

3) соттордун өз алдынчалыгын жана көз карандысыздыгын, алардын ишинин ачыктыгын камсыз кылуу;

4) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти түздөн-түз жүзөгө ашырган мамлекеттик органдардын ортосундагы координацияны жана өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу;

5) жеке жана юридикалык жактардын коррупциялык укук бузуулар фактылары боюнча кайрылууларын толук, объективдүү жана өз убагында кароону камсыз кылуу.

9-берене. Коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

1. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу, коррупциянын алдын алуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу орган) төмөнкүдөй милдеттерди жүзөгө ашырат:

1) коррупцияга каршы аракеттенүү жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга катышуу жана ишке ашыруу;

2) коррупцияга каршы мамлекеттик стратегиянын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылышынын натыйжалуулугун координациялоону, талдоону жана баалоону жүзөгө ашыруу;

3) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;

4) коррупциянын деңгээлин өлчөөнүн улуттук тутумун түзүү;

5) коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана баалоо;

6) мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди башкарууну аныктоо жана баалоо;

7) коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды колдонуу;

8) коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттерине маалыматтык-аналитикалык жана түшүндүрүү иштеринде, коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу чөйрөсүндө билим берүү программаларын ишке ашырууда көмөктөшүү жана усулдук жардам берүү;

9) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык укуктук кызматташууну жүзөгө ашыруу.

2. Ыйгарым укуктуу орган жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки жылдын 1-апрелинен кечиктирбестен өзүнүн расмий веб-сайтына коррупциянын абалы жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жөнүндө жыйынды отчетту коомдук жеткиликтүүлүк жана коомчулукка маалымдоо үчүн жайгаштырат.

10-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык кеңеш

1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы ишин координациялоо максатында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын жана төмөн турган прокуратура органдарынын алдында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча координациялык кеңештер түзүлөт (мындан ары - координациялык кеңеш).

Координациялык кеңеш туруктуу иштеген ведомстволор аралык кеңешүүчү орган болуп саналат. Координациялык кеңештин иштөөсүнүн жана анын курамын түзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору тарабынан аныкталат.

2. Координациялык кеңештин милдеттерине төмөнкүлөр кирет:

1) коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча негизги багыттарды аныктоо;

2) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын күч-аракеттерин бириктирүү жана ишин координациялоо;

3) коррупциялык укук бузуулардын алдын алууга, аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле алардын жасалышына өбөлгө түзгөн себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган макулдашылган чечимдерди кабыл алуу жана чараларды көрүү;

4) коррупцияга каршы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана киргизүү.

11-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын милдеттери

1. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери өз компетенциясынын чегинде ушул Мыйзамдын талаптарынын аткарылышын камсыз кылат жана коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн жоопкерчилик тартат.

2. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына же коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башка мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык кызматчылардын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү жана тыюу салууларды, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо же жөнгө салуу жөнүндө талаптарды сактабагандыгы же болбосо коррупцияга каршы аракеттенүү максатында белгиленген милдеттерди аткарбагандыгы жөнүндө маалымдоого милдеттүү.

3. Ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн адамдар жалдоочунун (иш берүүчүнүн) өкүлүнө, прокуратура органдарына, укук коргоо органдарына же коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча башка мамлекеттик органдарга алардын компетенциясына ылайык кандайдыр бир адамдардын аларды коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында аларга кайрылган бардык учурлар жөнүндө жазуу жүзүндө билдирүүгө жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун кандай болбосун келип чыгуу мүмкүндүгүнө жол бербөө боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн адамдарга аларды коррупциялык укук бузууларды жасоого көндүрүү максатында кайрылуу фактылары жөнүндө билдирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, ошондой эле мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери коррупциялык укук бузуулар жасалгандыгы же болбосо аларды жасоого көндүрүү жөнүндө кабарламаларды (расмий сайттар, жалпыга жеткиликтүү маалымат тутумдары, корголгон электрондук/мобилдик ишеним телефондору жана башкалар аркылуу) берүү үчүн атайын каналдарды түзүүнү жана иштетүүнү камсыз кылууга милдеттүү.

Ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн адамдардын иш-аракеттеринде коррупциялык кылмыштын белгилерин көрсөткөн кайрылуулар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чараларды көрүү үчүн прокуратура органдарына же укук коргоо органдарына берилет.

3-глава. Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралар

12-берене. Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу боюнча чаралардын тизмеги

1. Коррупциянын алдын алуу боюнча чаралар коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү себептерди жана шарттарды изилдөөгө, аныктоого, ошондой эле жоюуга багытталган.

2. Коррупциялык укук бузуулардын алдын алуу төмөнкүдөй алдын алуу чараларын колдонуу аркылуу жүргүзүлөт:

1) коррупцияга каршы мониторинг, коррупция чөйрөсүндөгү изилдөөлөр;

2) коррупциялык тобокелдиктерди талдоо;

3) ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза;

4) кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо жана жөнгө салуу;

5) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жаатында, ошондой эле мамлекеттик сектордун коммерциялык жана башка уюмдарынын кызмат чөйрөсүндө коррупцияга каршы стандарттарды киргизүү жана сактоо;

6) коррупцияга каршы чектөөлөрдү киргизүү жана сактоо;

7) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу;

8) финансылык контролдоо;

9) коррупцияга каршы маданиятты калыптандыруу;

10) коомчулуктун коррупцияга каршы аракеттенүүгө катышуусу.

13-берене. Коррупцияга каршы мониторинг. Коррупция чөйрөсүндөгү изилдөөлөр

1. Коррупцияга каршы мониторинг коррупциянын деңгээлинин объективдүү көрсөткүчтөрүн калыптандырууга, ошондой эле коррупцияга каршы ишке ашырылып жаткан чаралардын натыйжалуулугун баалоого, алынган дайындарды коррупциялык укук бузуулардын, коррупциогендик факторлордун өз убагында алдын алуу, аныктоо жана жоюу үчүн талдоого жана баалоого багытталган.

2. Коррупцияны изилдөөлөр жана талдоолор коррупцияны жаратуучу факторлор жөнүндө дайындардын булактары болуп саналат, коррупцияга каршы адекваттуу чараларды иштеп чыгууга жардам берет жана мамлекеттин жана коомдун турмушунун бардык чөйрөлөрүндө социологиялык, атайын жана илимий изилдөөлөрдү өзүнө камтыйт.

3. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде сандык жана сапаттык усулдарды колдонуу менен коррупцияга каршы мониторингди жана коррупция боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшөт.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупцияга каршы мониторингге жана коррупция боюнча изилдөө иштерине жарандык коомдун институттарынын, илимий жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрүн тартууга укуктуу.

4. Коррупцияга каршы мониторингдин жана изилдөөлөрдүн жыйынтыктары коррупциянын алдын алуу боюнча жаңы чараларды иштеп чыгуу же болбосо көрүлүп жаткан чараларды өркүндөтүү үчүн пайдаланылат, ошондой эле мыйзамдарды өркүндөтүү, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, коррупциялык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн ченем жаратуу жана укук колдонуу ишинде колдонулат.

5. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупцияга каршы ички мониторингдин, изилдөөлөрдүн жана талдоонун жыйынтыктарын ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлүүчү отчетторго киргизүүгө милдеттүү, ал алынган маалыматтарды коррупциянын абалы жана коррупцияга каршы саясатты ишке ашыруу жөнүндө жыйынтыктоочу отчетко киргизет.

6. Коррупцияга каршы мониторинг жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

14-берене. Коррупциялык тобокелдиктерди талдоо

1. Коррупциялык тобокелдиктерди изилдөө жана талдоо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын административдик жол-жоболорундагы, иш-милдеттериндеги жана ыйгарым укуктарындагы коррупциялык укук бузууларды жасоого өбөлгө түзүүчү шарттарды аныктоого жана жоюуга багытталган.

2. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз компетенциясынын чегинде коррупциялык тобокелдиктерге ички талдоо жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте аларды жоюу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупциялык тобокелдиктерге талдоо жүргүзүүгө адистерди жана эксперттерди тартууга укуктуу.

3. Ыйгарым укуктуу орган коррупциялык тобокелдиктерге мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан талдоо жүргүзүүнүн объективдүүлүгүнө жана толуктугуна мониторинг жүргүзөт.

4. Коррупциялык тобокелдиктерди аныктоонун, баалоонун жана башкаруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.

15-берене. Коррупцияга каршы экспертиза

1. Ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза төмөнкүдөй максаттарда жүргүзүлөт:

1) ченемдик укуктук актыларда жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда коррупциялык укук бузууларды жасоого мүмкүнчүлүк түзүүчү коррупциогендик факторлорду аныктоо;

2) ченемдик укуктук актыны, ченемдик укуктук актынын долбоорун башка ченемдик укуктук актылар менен өз ара байланышта баалоо, аларды чогуу колдонуу процессинде коррупциялык мүнөздөгү тобокелдиктердин келип чыгуу ыктымалдыгын болжолдоо;

3) аныкталган коррупциогендик факторлорду жоюуга багытталган сунуштамаларды берүү жана чараларды көрүү.

2. Прокуратура органдары мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга коррупцияга каршы экспертиза жүргүзөт.

3. Ченемдик укуктук жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-милдеттерди камсыз кылуучу аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна мамлекеттик органдар тарабынан киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзөт.

Ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна экспертиза жүргүзүүнүн бирдиктүү усулдугу менен коррупцияга каршы экспертиза жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилүүчү ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы экспертиза жүргүзөт.

5. Эксперт катары аккредиттелген жеке жана юридикалык жактар ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы көз карандысыз экспертиза жүргүзө алышат.

6. Жеке жана (же) юридикалык жактар, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ченемдик укуктук актыларда коррупциогендик факторлор табылган учурда бул жөнүндө прокуратура органдарына, ал эми алар ченемдик укуктук актылардын долбоорлорунда табылган учурда - бул долбоорлорду демилгелеген мамлекеттик органдарга маалымдайт.

7. Ченемдик укуктук актыларда аныкталган коррупциогендик факторлор төмөнкүдөй ыкмалар менен жоюлушу мүмкүн:

1) ченемдик укуктук актыга өзгөртүүлөрдү киргизүү;

2) ченемдик укуктук актыны же анын түзүмдүк элементин жокко чыгаруу;

3) коррупциогендик факторду жоюучу башка ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана кабыл алуу.

16-берене. Кызыкчылыктардын кагылышуусу

1. Ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн адамдар кызматтык ишин жүзөгө ашырууда мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө же болбосо учурдагы кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу боюнча жоопкерчиликти өзүнө алууга, ошондой эле бул жөнүндө өзүнүн түздөн-түз жетекчисине бул тууралуу аларга белгилүү болуп калары менен жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчиси ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн адамдардын кызматтык ишинде мүмкүн болгон кызыкчылыктардын кагылышуусун талдоо, бул адамдардын кызыкчылыктардын кагылышуусу тууралуу арыздарын кароо, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу же аныктоо үчүн контролдоо, текшерүү, кызыкчылыктардын кагылышуусу орун алгандыгы жөнүндө үчүнчү жактардан келип түшкөн маалыматты изилдөө жана кызыкчылыктардын кагылышуусун жөнгө салуу же болбосо тиешелүү органдарга маалымдоо аркылуу кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо же жөнгө салуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.

3. Ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн, кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо же жөнгө салуу боюнча талаптарды бузууга жол берген адамдар, ошондой эле алардын жетекчилери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

4. Ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн адамдардын ишиндеги кызыкчылыктардын кагылышуусун аныктоонун жана жөнгө салуунун уюштуруучулук жана укуктук негиздери, алардын милдеттери жана мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, мекеменин, уюмдун же ишкананын жетекчилеринин милдеттери кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө мыйзамдар менен жөнгө салынат.

17-берене. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү, ошондой эле коммерциялык жана башка уюмдардын ишиндеги коррупцияга каршы стандарттар

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдардын арасында коррупциянын алдын алуу максатында төмөнкүдөй чаралар көрүлүүгө тийиш:

1) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматчыларынын кесиптик жана кызматтан тышкары иштеги этикалык жүрүм-турумдун бирдиктүү принциптерин жана стандарттарын аныктаган этикалык жүрүм-турумунун эрежелерин бекитүү;

2) коррупциянын алдын алууну камсыз кылуучу чектөөлөрдү, тыюу салууларды жана талаптарды киргизүү;

3) мүмкүн болгон коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу үчүн ишмердүүлүктү ички контролдоо жана талдоо тутумдарын иштеп чыгуу жана киргизүү.

2. Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун бюджеттеринен каржылануучу коммерциялык жана башка уюмдарда кызмат өтөө чөйрөсүндө коррупциянын алдын алуу максатында төмөнкүдөй чаралар алдын ала көрүлүүгө тийиш:

1) корпоративдик маданияттын эрежелерин, бизнестин ак ниеттүүлүгүнүн укуктук жана этикалык ченемдерин (комплаенс-программаларын) камтыган ички актыларды кабыл алуу, ошондой эле коррупциялык тобокелдиктердин ыктымалдуулук жана маанилүүлүк даражасын эске алуу менен аларды азайтуу боюнча чараларды көрүү;

2) коррупциялык укук бузуулар жасалган учурлар боюнча ички иликтөөлөрдү жүргүзүүнү камсыз кылуу, алдын алуучу чараларды киргизүү;

3) ачыктыкты жана расмий сайттарга маалыматтарды жайгаштыруу аркылуу иштин жыйынтыктары жөнүндө коомчулукка маалымдоону камсыз кылуу.

18-берене. Коррупцияга каршы чектөөлөр

1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка талапкер болгон Кыргыз Республикасынын жарандары коррупциялык укук бузууларды жасоого жол бербөө максатында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өз ыктыяры менен кабыл алышат.

Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (алар ыйгарым укук берген кызмат адамдары) кызматчыдан чектөөлөрдү кабыл алгандыгы, анын чектөөлөрдү сактоо зарылдыгы жөнүндө талаптар менен таанышкандыгы жөнүндө жазуу жүзүндөгү милдеттенмени талап кылуу аркылуу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аларды аткарбаган учурда жоопкерчилик чараларын түшүндүрүү аркылуу камсыздоо чараларын көрүшөт.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматка байланыштуу чектөөлөрдүн тизмеги Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

2. Техникалык жана кенже тейлөөчү персоналды кошпогондо, Кыргыз Республикасынын сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматчылары, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчы статусуна ээ болбогон, бирок ошол эле учурда мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында эмгек ишин жүзөгө ашырган адамдар, ыкчам башкаруу, чарба жүргүзүү принциптеринде иштеген мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин жана ишканалардын, мамлекеттик же муниципалдык катышуу үлүшү бар юридикалык жактардын жетекчилери жана кызматкерлери коррупциялык укук бузууларды жасоого жол бербөө максатында төмөнкүлөргө тыюу салуучу чектөөлөрдү сактоого милдеттүү:

1) эгерде мыйзамдарда башкача каралбаса, күйөөсүнө (аялына), жакын туугандарына же кайын журтуна ишкердикти жүзөгө ашырууда кызматтык абалын пайдалануу менен көмөк көрсөтүүгө; жеке жана юридикалык жактарга ишкердикти жүзөгө ашырууда көмөк көрсөтүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын бул үчүн өзү же үчүнчү жактар үчүн ар кандай пайда алуу менен пайдаланууга; мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында үчүнчү жактардын иштери боюнча ишенимдүү адам же башка өкүл болууга;

2) өзүнүн кызматтык ишине байланыштуу саясий партияларды, коомдук бирикмелерди жана башка уюмдарды түзүүгө жана кызмат убактысында алардын ишине кандайдыр бир таризде катышууга же аларга көмөк көрсөтүүгө (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын ичинен шайланган Кыргыз Республикасынын Сот адилеттиги иштери боюнча кеңешинин мүчөлөрүн кошпогондо);

3) расмий таратылууга тийиш болбогон кызматтык жана башка маалыматтарды мыйзамдарда каралбаган мүлктүк жана мүлктүк эмес байлыктарды жана артыкчылыктарды алуу максатында пайдаланууга; материалдык-техникалык, финансылык жана маалыматтык камсыз кылуу каражаттарын жана кызматтык иш үчүн гана арналган башка мүлктү кызматтык эмес максаттарда пайдаланууга;

4) кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу мыйзамдарда каралбаган сый акыларды (акча каражаттарын же башка мүлктү, материалдык эмес активдерди, артыкчылыктарды, жеңилдиктерди же кызмат көрсөтүүлөрдү) жана жеке жана юридикалык жактардан, эгерде мындай аракеттер кызматчылардын кызматтык ыйгарым укуктарына кирсе же кызматтык абалына жараша мындай аракеттерге (аракетсиздикке) түрткү бериши мүмкүн болсо, аларды берген жактардын же болбосо үчүнчү жактардын пайдасына жасаган аракеттери (аракетсиздиги) үчүн белектерди кабыл алууга;

5) жетекчилери, катышуучулары (уюштуруучулары) болуп алардын жубайлары, жакын туугандары же кайын журту саналган юридикалык жактар же жеке ишкерлер, мүлктүн менчик ээлери же аффилирленген жактар менен мамлекеттик (муниципалдык) уюмдардын жана мекемелердин атынан бүтүмдөрдү жасоого;

6) кызматчынын өзүнүн жана анын аялынын (күйөөсүнүн), жакын туугандарынын, кайын журтунун же аффилирленген жактардын жеке кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар маселелерди чечүү үчүн өзүнүн кызматтык абалын пайдаланууга;

7) өзү менен үй-бүлөлүк, жакын туугандык же кайын журттук мамилелерде болгон адамдарга түздөн-түз баш ийүү же контролунда болуу менен байланышкан кызматта болууга;

8) референдумдарды жана шайлоолорду даярдоо жана өткөрүү мезгилинде кызмат ордунун же кызматтык абалынын артыкчылыктарын пайдаланууга;

9) мыйзамдарга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык жүзөгө ашырылуучу кызматтык иш сапарларды жана сапарларды кошпогондо, жеке жана юридикалык жактардын каражаттарынын эсебинен кызматтык иш сапарларга жана Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары сапарларга чыгууга;

10) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жайгашкан Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, консулдук мекемелеринде жана башка расмий өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик кызматтарды ээлеген (ээлеп турган) кызмат адамдарын кошпогондо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары иш жүргүзгөн чет өлкөлүк банктарда эсептерди (аманаттарды) ачууга жана ээлик кылууга, накталай акчаларды жана баалуулуктарды сактоого.

3. Белгиленген чектөөлөр ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн адамдар тарабынан сакталбаган фактынын аныкталуусу, эгерде ал кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса, кызматчыга карата ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жоопкерчилик чараларын колдонуу үчүн негиз болуп саналат.

19-берене. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугунун стандарттары

Иштин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупциянын алдын алуу боюнча төмөнкүдөй чараларды киргизүүгө милдеттүү:

1) маалыматка жеткиликтүүлүк жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте алардын иши, ошондой эле алар тарабынан чечимдерди кабыл алуу процесси жөнүндө маалыматка жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу;

2) административдик жана бюрократиялык бөгөттөрдү жоюу, каттоо, уруксат берүү жана лицензиялоо жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана ыкчамдыгын жогорулатуу;

3) мамлекеттик жана муниципалдык башкарууну санариптик трансформациялоо, өз ара мамилелердин аралыктык тариздерин киргизүү, көрсөтүлүүчү кызматтарды электрондук форматка өткөрүү;

4) ишкердик ишти жүргүзүү үчүн бирдей шарттарды түзүү;

5) мамлекеттик сатып алууларды жайгаштырууда ачыктыкты, айкындуулукту жана атаандаштык чөйрөсүн колдоону камсыз кылуу, чечимдерди кабыл алууда объективдүү критерийлерди колдонуу, мамлекеттик сатып алууларга мониторинг жүргүзүү аркылуу коомдук контролду жүзөгө ашыруу.

20-берене. Финансылык контролдоо

1. Ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн адамдар төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кызмат ордуна дайындалгандан (шайлангандан) кийин бир айлык мөөнөттө аларга таандык болгон акцияларды, баалуу кагаздарды (катышуу үлүштөрүн, уюмдардын уставдык (топтоочу) капиталдарындагы пайларды) кызыкчылыктардын кагылышуусун болтурбоо максатында кызматта болгон мезгилде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүүгө;

2) салык мыйзамдарына ылайык жашаган жери боюнча салык кызматынын органдарына кирешелери, чыгымдары, милдеттенмелери жана Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары жайгашкан жана декларантка, анын аялына (күйөөсүнө), жакын туугандарына менчик укугунда таандык болгон мүлк жөнүндө бирдиктүү салык декларациясын берүүгө;

3) чет өлкөлүк банктык эсептерди ачуу жана эсептерге (аманаттарга) ээлик кылуу жөнүндө, эгерде адам же анын аялы (күйөөсү) ишенимдүү башкарууга (трасттарга) өткөрүп берилген компаниялардын бенефициардык ээси болсо, ишенимдүү башкарууга (трасттарга) өткөрүп берилген катталган бул чет өлкөлүк компаниялары жөнүндө жана алар катталган мамлекеттер жөнүндө маалыматтарды тиешелүү банктык эсептердин номерлерин көрсөтүү менен салык кызматынын органдарына берүүгө.

2. Саясий, атайын мамлекеттик кызмат орундарын, административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын, саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдардын, укук коргоо органдарынын, дипломатиялык кызматтардын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын жана анын орун басарларынын кирешелери жана чыгашалары жөнүндө ар жылдык милдеттүү бирдиктүү салык декларацияларынын негизинде салык кызматынын органдары Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо, мамлекеттик жана башка органдарынын көмөктөшүүсүндө купуялуулукту (салык сырын) сактоо менен активдерди жашырууну жана чыгымдардын бирдиктүү салык декларациясында көрсөтүлгөн расмий кирешелерге дал келүүсүн белгилөө максатында мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жана алардын жубайларынын, жакын туугандарынын, ошондой эле багуусунда же толук камкордугунда турган же болбосо декларант тарабынан багылуу укугуна ээ болгон адамдардын кирешелери, чыгашалары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө маалыматтардын ишенимдүүлүгүнө жана толуктугуна талдоо жүргүзөт.

Активдерди жашыруу фактылары жана (же) мыйзамсыз баюунун белгилери табылган учурда тиешелүү материалдар Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарына же башка укук коргоо органдарына кароо үчүн жиберилет.

3. Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдардын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо менен байланышкан мамилелер Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдары менен жөнгө салынат.

21-берене. Коррупцияга каршы маданият

1. Коомдо коррупцияга жол бербестикти чагылдырган баалуулуктар тутумунун сакталышын жана бекемделишин камсыз кылуу үчүн коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттери төмөнкүдөй аракеттерди жүзөгө ашырат:

1) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өз кызматкерлеринин укуктук билим деңгээлин жогорулатуу боюнча окутуу иш-чараларын туруктуу негизде жүргүзөт;

2) иштин натыйжалары жөнүндө маалыматты расмий сайттарга жайгаштыруу аркылуу коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө жарандардын кабардар болуусун жогорулатат;

3) түшүндүрүү жана маданий иш-чараларды (медиакампаниялар, социалдык жарнама), илимий-практикалык конференцияларды өткөрөт, кеңири камтыган коммуникацияны (жалпыга маалымдоо каражаттарын, социалдык тармактарды) пайдалануу менен усулдук адабияттарды чыгарат.

2. Билим берүү чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча мамлекеттик орган мамлекеттик билим берүү стандарттарын иштеп чыгууда аларга коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укуктук окутуу жана тарбиялоо маселелерин киргизет, коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негизги багыттарын эске алуу менен билим берүү программаларын туруктуу өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат.

3. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча мамлекеттик орган коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тапшырыктын негизинде окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрөт.

4. Ченемдик укуктук жөнгө салуу чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча иш-милдеттерди жүзөгө ашыруучу мамлекеттик орган коррупциянын алдын алуу маселелерин укуктук агартуу боюнча иш-чараларга киргизет жана бул багытта мамлекеттик органдардын ишин координациялайт.

22-берене. Коомчулуктун коррупцияга каршы аракеттенүүгө катышуусу

Жарандар, жарандык коомдун уюмдары коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө төмөнкүлөргө укуктуу:

1) коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгууга жана талкуулоого катышууга, бул жааттагы мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүүгө, ченемдик укуктук актыларга жана ченемдик укуктук актылардын долбоорлоруна коррупцияга каршы көз карандысыз экспертиза жүргүзүүгө;

2) коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча көз карандысыз мониторинг жүргүзүүгө;

3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдардан жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү иш жөнүндө маалыматты суроого жана алууга;

4) коррупцияга каршы маданиятты калыптандырууга, коррупцияга каршы мамлекеттик саясатты таанытууга катышууга;

5) коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча көз карандысыз, анын ичинде илимий жана социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө;

6) коомчулуктун кабардар болуусун жогорулатууга, маалыматтык-билим берүү ишине катышууга, коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча калкка укуктук жардам көрсөтүүгө.

4-глава. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар

23-берене. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар

1. Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чаралар коррупциялык укук бузууларды аныктоого, иликтөөгө жана бөгөт коюуга, ошондой эле жактарды мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке тартууга багытталган.

2. Кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаган коррупциялык укук бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кийин укук бузуучуларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонуу менен жүзөгө ашырылат.

3. Коррупциялык кылмыштарга бөгөт коюу сот органдары, прокуратура органдары жана укук коргоо органдары тарабынан аларды жасаган адамдарга карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарында каралган чараларды колдонуу жолу менен жүзөгө ашырылат.

24-берене. Коррупция үчүн шарттарды түзүүчү укук бузуулар

Төмөнкү аракеттер же аракетсиздик коррупция үчүн шарттарды түзүүчү укук бузуулар болуп саналат:

1) мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана юридикалык жактардын ишине укук ченемсиз кийлигишүү;

2) өз ыйгарым укуктарын алардын жеке кызыкчылыктарына, күйөөсүнүн (аялынын), жакын туугандарынын, өз кишилеринин же аффилирленген жактардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүү үчүн пайдалануу;

3) адамга мамлекеттик же муниципалдык кызматка кирүүдө жана жогорулоодо мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды берүү;

4) кирешелери, чыгымдары, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө бирдиктүү салык декларациясын бербөө же болбосо декларацияны туура эмес же толук эмес маалыматтар менен берүү;

5) чечимдерди даярдоодо жана кабыл алууда, мамлекеттик же муниципалдык тапшырыктарды, Кыргыз Республикасынын бюджет тутумунун бюджеттеринен каржылануучу башка тапшырыктарды жайгаштырууда, финансылык жана материалдык каражаттарды, энергетикалык жана жаратылыш ресурстарын бөлүштүрүүдө, салыктарды төлөөдө, башка финансылык жана материалдык милдеттенмелерди аткарууда жеке жана юридикалык жактарга мыйзамсыз өзгөчөлүктөрдү жана артыкчылыктарды, жеңилдиктерди берүү;

6) өздөрү кызматта турган же аларга баш ийген, контролунда турган же отчет берген мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик (муниципалдык) ишканалардын жана мекемелердин иштери боюнча жеке жана юридикалык жактардын ишенимдүү өкүлдөрү катары катышуу;

7) мамлекеттик же муниципалдык иш-милдеттерди аткарууда алынган кызматтык же башка маалыматты, эгерде мындай маалымат расмий жайылтууга тийиш эмес болсо же болбосо кызматтык пайдалануу үчүн арналган болсо, жеке кызыкчылыгында пайдалануу;

8) жеке жана юридикалык жактарга алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууда тоскоолдуктарды түзүү, алардан Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында алардын берилүүсү каралбаган документтерди жана маалыматтарды талап кылуу, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аларды берүү каралган маалыматты же документтерди берүүдөн баш тартуу, мамлекеттик же муниципалдык иш-милдеттерди жүзөгө ашырууда маалыматты кечиктирүү, анык эмес же толук эмес маалыматты берүү;

9) мамлекеттик же муниципалдык финансылык жана материалдык ресурстарды Кыргыз Республикасынын Президенттигине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин, саясий партиялардын, коомдук уюмдардын шайлоо фонддоруна өткөрүп берүү, ошондой эле аларды башка жарандарга жана юридикалык жактарга укук ченемсиз өткөрүп берүү, ошого тете аларды көрсөтүлгөн шайлоо фонддоруна өткөрүп бербестен талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо алдындагы кампанияларынын максаттары үчүн пайдалануу;

10) кредиттик мекемелерден жана башка уюмдардан кредиттерди, ссудаларды алууда жана кайтарууда, баалуу кагаздарды, кыймылсыз мүлктү жана башка мүлктү сатып алууда жана башка милдеттенмелерди аткарууда мыйзамда каралбаган артыкчылыктарды пайдалануу;

11) протоколдук жана башка расмий иш-чараларды өткөрүүдө жалпы наркы жыл ичинде 10 эсептик көрсөткүчтөн ашпаган символикалык сувенирлерди кошпогондо, мамлекеттик, муниципалдык же аларга теңештирилген иш-милдеттерди аткарууга байланыштуу кызматы боюнча көз каранды болгон адамдарга белектерди берүү жана алуу, материалдык жана башка байлыктарды, кызмат көрсөтүүлөрдү берүү жана алуу, ошондой эле кызматтан тышкары кызматтарды көрсөтүү жана мындай белектерди жогору турган кызмат адамына берүү;

12) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыга кызмат өтөгөн жери боюнча жетекчиликтин жана башка адамдардын коррупциялык аракеттеринин белгилүү болуп калган фактылары жөнүндө жалдоочунун (иш берүүчүнүн), соттун, прокуратура органынын, укук коргоо органдарынын же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлүнө жазуу жүзүндө билдирбөө;

13) өзүнүн иши үчүн материалдык, кандай болбосун башка байлыктарды же артыкчылыктарды мыйзамсыз алуу;

14) эгерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында башкача каралбаса жана мамлекеттик кызыкчылыктарга зыян келтирсе, мамлекеттик иш-милдеттерди жүзөгө ашыруу үчүн аларга берилүүчү орун жайларды, транспорт жана байланыш каражаттарын, байланыштын электрондук каражаттарын, акча каражаттарын жана башка мамлекеттик же муниципалдык мүлктү жеке жана кызматтык эмес башка максаттарда пайдалануу;

15) ишкердик субъекттеринин ишине мыйзамсыз кийлигишүү, ишкердик ишке тоскоолдук кылуу, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын бузуу;

16) кызматтык ыйгарым укуктарын ишкердик иштин субъекттеринин кызыкчылыктарында мыйзамсыз пайдалануу.

25-берене. Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө кабарлаган адамдарды коргоо

1. Коррупциялык укук бузуу жөнүндө белгиленген тартипте кабарлаган адамдар жана алардын жубайлары, жакын туугандары мамлекеттин коргоосунда болушат. Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдардын жана алардын жубайларынын, жакын туугандарынын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүсүнөн улам кол салууга, ошондой эле жалдоочу (иш берүүчү) тарабынан алардын эмгекке болгон укуктарын бузууга жол берилбейт жана мыйзамда белгиленген жоопкерчиликке алып келет.

Административдик (сотко чейинки) же сот өндүрүшүндө коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамдарды коргоо жөнүндө кайрылууларды кароодо жалдоочуга (иш берүүчүгө) коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирген адамга каршы көрүлгөн кандай болбосун чаралар анын коррупциялык укук бузуулар жөнүндө билдирүүсүнө байланышы жок экендигин далилдөө түйшүгү жүктөлөт.

2. Коррупциялык укук бузуулар жөнүндө кабарлаган адамдардын укуктары жана милдеттери, алардын коопсуздугун камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу органдардын тизмеги жана ыйгарым укуктары, коопсуздук чараларынын тизмеги жана аларды колдонуунун негиздери, корголуучу адамдар жөнүндө маалыматтардын купуялуулугун камсыз кылуунун тартиби коррупциялык укук бузуулар тууралуу билдирген адамдарды коргоо жөнүндө мыйзамдарда аныкталат.

26-берене. Укук бузууларды жасагандыгы үчүн жоопкерчилик

1. Ушул Мыйзамдын6-беренесиндекөрсөтүлгөн, ушул Мыйзамдын24-беренесиндекөрсөтүлгөн укук бузууларды жасаган адамдар Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында каралган кылмыш-жаза, тартиптик, жарандык жана башка укуктук жоопкерчилик тартат.

2. Коррупция менен байланышкан укук бузуунун натыйжасында алынган мүлк жана кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттин кирешесине өндүрүп алынууга тийиш.

5-глава. Коррупциялык укук бузуулардын кесепеттерин минималдаштыруу жана (же) жоюу боюнча чаралар

27-берене. Зыяндын ордун толтуруу

1. Коррупциялык укук бузууларды жасоонун натыйжасында келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте толук көлөмдө толтурулууга тийиш.

2. Чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдарда коомдук статуска ээ болгон адамдардын коррупциялык укук бузуулары менен Кыргыз Республикасынын жарандарына, мекемелерине жана уюмдарына келтирилген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык толтурулууга тийиш.

3. Коррупцияга каршы аракеттенүү субъекттери өз компетенциясынын чегинде коррупциянын кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүшөт.

28-берене. Коррупциялык укук бузуулардын натыйжасында жасалган актылардын, келишимдердин жана башка документтердин, ошондой эле аракеттердин жараксыздыгы

1. Коррупциялык укук бузуулардын натыйжасында кабыл алынган ченемдик укуктук актылар (алардын түзүмдүк элементтери) жана ченемдик эмес укуктук актылар тиешелүү актыларды жокко чыгарууга ыйгарым укуктуу адамдар тарабынан өз демилгеси боюнча же болбосо кызыкдар жактардын же прокуратура органдарынын доосу боюнча сот тартибинде жокко чыгарылууга тийиш.

2. Коррупциялык укук бузуулардын натыйжасында түзүлгөн бүтүмдөр ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын, кызыкдар жактардын же прокурордун доосу боюнча Кыргыз Республикасынын процесстик мыйзамдарында белгиленген тартипте сот тарабынан жараксыз деп таанылат.

6-глава. Укуктук статистика жана эл аралык кызматташтык

29-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укуктук статистика

1. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү укуктук статистика мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ачык-айкындуулугун жана отчеттуулугун камсыз кылуу, коррупциялык кылмыштуулуктун абалын талдоо жана болжолдоо, ага каршы күрөшүүнүн тактикасын жана усулдугун иштеп чыгуу, коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо жана аларды минималдаштыруу боюнча чараларды аныктоо, ошондой эле коомчулукка коррупцияга каршы иштин натыйжалары жөнүндө маалымдоо максатында түзүлөт.

2. Коррупциялык багыттагы кылмыштардын бирдиктүү реестри ыйгарым укуктуу орган тарабынан автоматташтырылган маалымат тутумун пайдалануу менен жүргүзүлөт, ал укук коргоо, көзөмөлдөө жана сот органдары берген маалыматтардын негизинде түзүлөт.

3. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча мамлекеттик орган кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу менен байланышкан укук бузуулардын реестрин жүргүзөт.

4. Салык органдары мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын кирешелерин, чыгымдарын, мүлкүн жана мүлктүк мүнөздөгү милдеттенмелерин бирдиктүү салыктык декларациялоого байланыштуу статистикалык дайындарды чогултууну, жалпылоону жана жүргүзүүнү жүзөгө ашырат.

5. Укуктук статистиканы жүргүзүүнүн жана тиешелүү органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

30-берене. Коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык

1. Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясына, эл аралык келишимдерге ылайык, ошондой эле өз аралык шарттарында коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чет мамлекеттер, алардын укук коргоо органдары, атайын кызматтары, соттору жана эл аралык уюмдар менен төмөнкүдөй максаттарда кызматташат:

1) коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө чет мамлекеттер, алардын укук коргоо органдары, атайын кызматтары, соттору, ошондой эле эл аралык жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен кызматташтыкты чыңдоо жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү, анын ичинде коррупциялык аракеттерди аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча биргелешкен иш-чараларды өткөрүү;

2) улуттук мыйзамдарды коррупция менен күрөшүү чөйрөсүндөгү эл аралык ченемдерге шайкеш келтирүү, ошондой эле коррупциялык жосундарды жасоого шектелген же айыпталган адамдарды жана аларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу;

3) коррупциялык укук бузууларды жасоодо алынган же пайдаланылган активдерди аныктоо жана кайтаруу, ошондой эле далилдөө үчүн алардан түшкөн кирешелерди, кылмыш жасоонун каражаттарын жана башка объекттерин аныктоо;

4) коррупцияга каршы аракеттенүү, көмүскө экономика жана коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык тажрыйбасын изилдөө, жалпылоо жана жайылтуу маселелери, ошондой эле коррупциялык кылмыштарды жасаган адамдардын финансылык жана материалдык каражаттарын чыгаруу үчүн жүзөгө ашырылуучу эл аралык транзакциялар боюнча маалымат алмашуу;

5) коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча ишти координациялоо;

6) жардамдын Кыргыз Республикасынын ички мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка түрүн берүү.

2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эл аралык келишимдердин негизинде жана (же) өз аралык принциптин негизинде Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупцияга каршы конвенциясынын жана башка эл аралык келишимдердин алкагында алынган эл аралык милдеттенмелерди аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ишин координациялоону жүзөгө ашырат, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө чет мамлекеттер, алардын компетенттүү органдары жана эл аралык уюмдар менен төмөнкүдөй максаттарда кызматташат:

1) коррупциялык кылмыштарды жасоого шектелген (айыпталган) адамдарды, алардын турган жерин, ошондой эле коррупциялык кылмыштарга тиешеси бар башка адамдардын турган жерин аныктоо;

2) коррупциялык укук бузууларды жасоодо алынган же пайдаланылган мүлктү аныктоо жана кайтаруу;

3) изилдөөлөрдү же соттук экспертизаларды жүргүзүү үчүн тиешелүү учурларда буюмдарды же заттардын үлгүлөрүн берүү;

4) коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча маалымат алмашуу;

5) коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча ишти координациялоо.

3. Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча эл аралык милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө баяндамалар Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу түзүлөт.

7-глава. Корутунду жоболор

31-берене. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2012-жылдын 8-августундагы № 153Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2012-ж., № 7, 2764-ст.);

2) "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 17-майындагы № 70Мыйзамы(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2014-ж., № 5, 385-ст.);

3) "Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын чыгашаларын декларациялоо маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 21-октябрындагы № 169 Мыйзамынын4-беренеси(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 9, 946-ст.);

4) "Коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 18-мартындагы № 46 Мыйзамынын6-беренеси(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 3, 178-ст.);

5) "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 147 Мыйзамынын6-беренеси("Эркин-Тоо" гезити, 2023-жылдын 28-июлу, № 60).

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын17-февралындагы№ 11 (3771) саны менен жарыяланды.



Кыргыз Республикасынын Президенти


С.Н.Жапаров




2026-жылдын 15-январында


Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган