Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине, “Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына)” Мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу жөнгө салуучу таасирин талдоо боюнча
БИЛДИРҮҮ
Ушуну менен Бишкек шаарынын мэриясы укуктук жөнгө салууну талкуулоонун башталышы жана кызыкдар жактардын сунуштарын чогултуу жөнүндө кабарлайт.
1. Сунушталган жөнгө салууну чечүүгө багытталган көйгөйлөрдүн сыпаттамасы (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
Азыркы учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык автомобиль жолдорун оңдоо жана өнүктүрүү үчүн жооптуу, аларга жыл сайын олуттуу бюджеттик каражаттар жумшалат. Ошол эле учурда, оор жүк ташуучу транспорт каражаттарынын салмак жана габариттик параметрлерин системалуу түрдө бузуунун натыйжасында жолдун бетинин тез эскириши жана бузулушу байкалууда, анын ичинде жакында эле оңдолгон участоктор да бар.
Мыйзамдарда салмак-габариттик контролду жана кыймылга чектөөлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгүн караган ченемдер болгонуна карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик параметрлерин белгилөөгө, муниципалдык жолдорду пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүүгө жана калктуу конуштардын борбордук бөлүктөрүндө оор жүк ташуучу транспорттун кыймылын жөнгө салууга мүмкүнчүлүк берүүчү укуктук механизм жок.
Мындан тышкары, колдонулуп жаткан мыйзамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын карамагына өткөрүлүп берилген, бирок ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тейленбеген, калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан автомобиль жолдору маселелерин толук кандуу жөнгө салбайт.
Ушуга байланыштуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына транспорт каражаттарынын салмак-габариттик параметрлерин аныктоо, муниципалдык автомобиль жолдорун пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү, салмак-габариттик контролду жүргүзүү жана тиешелүү жыйымдарды алуу, ошондой эле аларды натыйжалуу тейлөө жана пайдаланууну камсыз кылуу үчүн айрым автомобиль жолдорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна өткөрүп берүү ыйгарым укуктарын берүү жолу менен мыйзамдарды өркүндөтүү сунушталат.
2. Сунушталган жөнгө салуунун максатын (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү) жана көйгөйлөрдү чечүү ыкмасын баяндоо:
Сунушталып жаткан жөнгө салуунун максаты, муниципалдык автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, аларды пайдалануунун жана тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле жергиликтүү маанидеги жол инфратүзүмдү башкаруунун укуктук механизмдерин өркүндөтүү болуп саналат.
Көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына транспорт каражаттарынын жол берилген салмак-габариттик жана башка параметрлерин белгилөө, муниципалдык автомобиль жолдорун пайдаланууга чектөөлөрдү киргизүү, салмак-габариттик контролду жүргүзүү жана тиешелүү жыйымдарды алуу ыйгарым укуктарын берүү сунушталат. Мындан тышкары, калктуу конуштардын чектеринде жайгашкан жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тейленбеген автомобиль жолдорун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кароосуна өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү каралат.
Сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу - жолдун талкалануу темпин азайтууга, жолдорду сактоого жана оңдоого багытталган бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга, ошондой эле калктуу пункттардын жол инфратүзүмүн ыкчам жана сапаттуу башкарууну камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.
3. Сунушталган жөнгө салуунун күтүлүүчү пайдаларын жана артыкчылыктарын баалоо (мүмкүн болсо, тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
Долбоорду кабыл алуу муниципалдык автомобиль жолдорун сактоонун жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатууга, жол катмарынын бузулуу темпин азайтууга, жолдорду оңдоого жана күтүүгө багытталган бюджеттик каражаттарды рационалдуу пайдаланууну камсыз кылууга, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.
Сунушталган өзгөртүүлөрдү ишке ашыруу автомобиль жолдорунун иштөө мөөнөтүн узартууга, аларды калыбына келтирүүгө, кеткен чыгымдарды кыскартууга жана транспорттук инфратүзүмдүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөт.
4. Мүмкүн болуучу жагымсыз кесепеттерге баа берүү (мүмкүн болсо тиешелүү сандык жана сапаттык көрсөткүчтөрдү келтирүү):
Сунушталган жөнгө салуунун киргизилиши муниципалдык автомобиль жолдорунда белгиленген салмак-өлчөм параметрлерин жана кыймыл чектөөлөрүн сактоо зарылчылыгына байланыштуу жүк ташуучу унаалардын ээлерине жана ташуучуларына кошумча милдеттерди алып келиши мүмкүн. Айрым учурларда бул каттамдарды өзгөртүүгө жана жүктөрдү жеткирүү убактысын көбөйтүүгө алып келиши мүмкүн.
Ошол эле учурда, жогоруда аталган кесепеттер чектелүү мүнөзгө ээ жана жол инфратүзүмдүн сакталышын камсыз кылуу, жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатуу жана жолдун бетин калыбына келтирүү чыгымдарын азайтуу зарылчылыгы менен тең салмакталат.
5. Сунушталган жөнгө салуунун адресаттарынын - ишкердик субъекттеринин санына мүнөздөмө жана баа берүү:
Сунуш кылынган жөнгө салуунун адресаттары - автомобиль транспорту менен жүктөрдү ташууну жүзөгө ашырган ишкердик субъекттери, ошондой эле муниципалдык автомобиль жолдору менен жүрүүчү жүк ташуучу транспорт каражаттарын пайдалануучу юридикалык жана жеке жактар болуп саналат. Сунуш кылынган жөнгө салуу негизинен салмак-габариттик параметрлери жогору транспорт каражаттарын колдонгон субъекттерге жайылтылат.
6. Сунушталган жөнгө салуунун аны киргизүү менен байланышкан кошумча чыгымдарын жана потенциалдуу адресаттарынын пайдасын болжолдуу баалоо:
Сунушталып жаткан жөнгө салуунун киргизилиши айрым ишкердик субъекттери үчүн транспорт каражаттарынын белгиленген салмак-габарит параметрлерин сактоо, логистикалык маршруттарды өзгөртүү, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда транспорт каражаттарын таразалоо жана параметрлерин өлчөө үчүн жыйымдарды төлөө менен байланышкан кошумча чыгымдарга алып келиши мүмкүн.
Ишкердик субъекттеринин кошумча чыгымдары менен пайдаларын так баалоо сунушталган ченемдерди колдонуунун тартибине жана шарттарына жараша болот жана мыйзам долбоорун иштеп чыгуу этабында сандык баа берүүгө жол берилбейт.
7. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү менен байланышкан жергиликтүү бюджеттин чыгымдарын жана пайдасын болжолдуу баалоо:
Сунуш кылынган жөнгө салуу жергиликтүү бюджетке кошумча чыгымдарды талап кылышы мүмкүн, бул салмак-өлчөм контролун уюштуруу жана жүргүзүү, ошондой эле муниципалдык автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын кыймылын чектөө боюнча кабыл алынган чечимдерди аткарууну камсыздоо менен байланыштуу.
Ошол эле учурда жолдун бузулушунун темпин азайтуу, муниципалдык автомобиль жолдорун калыбына келтирүү жана оңдоо чыгымдарын кыскартуу, ошондой эле мыйзамда каралган учурларда транспорт каражаттарынын салмагын жана өлчөмүн, башка параметрлерин аныктоо үчүн алынган жыйымдардан салыктык эмес кирешелердин келип түшүшү аркылуу оң экономикалык натыйжа алуу күтүлүүдө.
Билдирүүгө төмөнкүлөр тиркелет:
1. Коомдук консультациялардын катышуучулары үчүн суроолордун тизмеси:
- аталган маселелер туурабы, жөнгө салууну өзгөртүү жолу менен чечүүнү талап кылабы;
- көрсөтүлгөн максатка жетүү үчүн маанилүү, негиздүү болобу;
- көйгөйлөрдү чечүүнүн сунушталган ыкмасы (жөнгө салуу) эң артыкчылыктуубу;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай пайда жана артыкчылыктар болушу мүмкүн;
- сунушталган жөнгө салуу кабыл алынган учурда кандай тобокелдиктер жана терс кесепеттер болушу мүмкүн;
- көйгөйлөрдү чечүүнүн альтернативдүү натыйжалуу жолдору барбы;
- сунушталган жөнгө салуу боюнча жалпы пикир.
2. Сунушталган жөнгө салууну киргизүү зарылдыгын баалоого мүмкүндүк берген башка маалыматтар.
_____________________________________________________________
(тексттик сүрөттөө үчүн жер)
Билдирүүдөгү маалыматты талкулоо үчүн мөөнөтү жана байланыш каражаттары:
1. Сунуштар кабыл алынат: | |
- электрондук почта аркылуу | e-mail: dt@meria.kg |
- почта дарегине | Бишкек ш., 7- Апрель көчөсү, 4а. Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспортук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти жана 53-26-70 телефон номери боюнча |
2. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү | 2026-жылдын 3-июлуна чейин |
3. Иштеп чыгуучу органдын расмий сайтына сунуштардын жана жооптордун реестрин жайгаштыруунун мөөнөтү | 2026-жылдын 9-июлуна чейин |