Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгы 2026-жылдын 31-мартындагы №95 токтому менен бекитилген Жобого ылайык жер тилкелерин сатып алууну уюштуруп жатат.
Документ борбор калаанын аймагында көп батирлүү турак үйлөрдү куруу үчүн мурда жеке жана юридикалык жактарга ижара шарттарында убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин жөнгө салат.
Жер тилкесин сатып алуу үчүн арыз ээси Муниципалдык менчик башкармалыгына (дареги: Чүй проспектиси, 168) кайрылып, арыз тапшырышы керек. Арызда арыз ээси тууралуу маалыматтар, жер тилкесинин аянты жана жайгашкан жери көрсөтүлөт. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:
жер тилкесине болгон укукту ырастоочу документтер;
өздүгүн тастыктаган документтер;
уюштуруу документтери (юридикалык жактар үчүн);
объектти пайдаланууга берүү актысы (бар болсо);
Кыймылсыз мүлккө болгон укуктардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен алынган көчүрмө.
Токтом менен муниципалдык менчиктеги жер тилкелеринин наркын эсептөө методикасы да бекитилген. Ал сатып алуу баасын бирдей негизде аныктоого, жол-жоболордун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга жана муниципалитеттин мүлктүк кызыкчылыктарын коргоого багытталган.
Жер тилкелерин өз убагында сатып алуу максатында сатып алуу баасын төмөндөтүүчү коэффициенттер каралган:
2026-жылдын 31-декабрына чейин — 0,5 коэффициенти (нарктын 50% төмөндөшү);
2027-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин — 0,6 коэффициенти (40% төмөндөшү);
2028-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин — 0,8 коэффициенти (20% төмөндөшү).
Мындан тышкары, 2026-жылдын 1-октябрына чейин 1 гектардан чоң жер тилкелерине 0,4 төмөндөтүү коэффициенти колдонулат.
Комиссия тиешелүү чечим кабыл алгандан кийин ижарачы жер тилкесинин сатып алуу наркын төлөп, ыйгарым укуктуу орган менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүгө милдеттүү. Жер тилкесине менчик укугу сатып алуу-сатуу келишими мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин пайда болот.