2026-жылдын 24–26-июнь күндөрү «Социалдык кызматтарды трансформациялоо: башкаруудан натыйжалуу башкарууга жана коргоого карай» аталышындагы үч күндүк окуу-тренинги өткөрүлдү. Иш-чарага Бишкек шаарынын мэриясынын Социалдык өнүктүрүү департаментинин өкүлдөрү, Департаментке караштуу 10 мекеменин жетекчилери жана адистери, ошондой эле төрт райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Тренингдин негизги максаты жетекчилердин жана адистердин кесиптик компетенцияларын жогорулатуу, социалдык мекемелерди башкаруу системасын өркүндөтүү жана социалдык кызматтарды уюштурууда жана көрсөтүүдө заманбап ыкмаларды киргизүү болду.

Үч күндүн ичинде катышуучулар стратегиялык менеджмент, лидерлик, социалдык менеджмент, социалдык долбоорлорду иштеп чыгуу, өнөктөштүктү өнүктүрүү жана бюджеттен тышкаркы каражаттарды тартуу маселелерин талкуулашты. Ошондой эле адистердин кесиптик чарчоосунун алдын алуу, социалдык кызматтарды алуучулар менен натыйжалуу баарлашуу, жалпыга маалымдоо каражаттары менен өз ара аракеттенүү жана мекемелердин расмий социалдык тармактагы баракчаларын жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тренингдин практикалык бөлүгүндө мекемелердин ишмердүүлүгүнө SWOT-талдоо жүргүзүлүп, өнүгүү пландары иштелип чыгып, практикалык тапшырмалар аткарылып, кесиптик тажрыйба алмашуу уюштурулду. Мындан тышкары, программанын алкагында чакырылган эксперттердин катышуусунда онлайн-сессиялар өтүп, анда коомдук коопсуздук, аялдар менен балдарды коргоо жана жеке натыйжалуулукту жогорулатуу маселелери каралды.

Мындай окутуу иш-чараларын өткөрүү адистердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, социалдык мекемелердин ишине заманбап ыкмаларды киргизүүгө жана калкты социалдык жактан коргоо системасын мындан ары өркүндөтүүгө өбөлгө түзөт.