Көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн ижарага берилген жер тилкелерин сатып алууда стимулдаштыруучу коэффициенттерди киргизүү жер-мүлк мамилелерин жөнгө салуунун көп жылдык көйгөйүн чечүүгө жана жарандардын турак-жай укуктарын коргоого багытталган чара болуп саналат.

Бишкек шаарында муниципалдык менчикте турган жана курулуш компанияларына убактылуу пайдаланууга берилген жер тилкелерине көп санда көп батирлүү турак үйлөр курулуп, пайдаланууга берилген. Ошол эле учурда айрым учурларда куруучулар жер тилкелерин сатып алуу жана менчик укугун каттоо процедурасын аягына чыгарышкан эмес, бул укук белгилөөчү документтерди каттоонун создуктурулушуна алып келген.

2001-2024-жылдардын аралыгында 49 жылдык мөөнөткө көп батирлүү үйлөрдү куруу үчүн 296 келишим түзүлгөн.

Көп жылдар бою аталган жер тилкелерин сатып алуу ишке ашкан эмес. Натыйжада, буга чейин пайдаланууга берилген үйлөрдүн тургундары техникалык паспортторду каттоодо жана мүлктүк укуктарын ишке ашырууда кыйынчылыктарга дуушар болушкан.

Бул жагдайды чечүү жана "Кыргыз Республикасынын Жер кодексин күчүнө киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан жер тилкелерин сатып алууда төмөндөтүүчү коэффициенттерди колдонууну караган учурдагы Жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү демилгеленди. Тиешелүү өзгөртүүлөр Бишкек шаардык кеңешинин 2026-жылдын 31-мартындагы № 95 токтому менен бекитилген. Бул чара ижарачыларды жер тилкелерин сатып алуу процедурасын аягына чыгарууга жана менчик укугун каттоодон өткөрүүгө стимулдаштырууга багытталган, бул техникалык паспортторду каттоодо тоскоолдуктарды жоюуга жана шаардыктардын турак-жай укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга мүмкүндүк берет.

2026-жылдын май айына карата жогоруда аталган Жобону (№ 95 токтому менен өзгөртүүлөр киргизилгенге чейин) ишке ашыруунун алкагында, Муниципалдык менчик башкармалыгына жер тилкелерин сатып алуу боюнча 32 арыз келип түшкөн, алардын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 5 жер тилкеси сатылып алынган. Жер тилкелерин этап-этабы менен төмөндөтүү коэффициенттерин колдонуу ижарачыларга жер тилкелерин ыңгайлуу шарттарда сатып алууга мүмкүнчүлүк берет, ошол эле учурда зарыл документтерди өз убагында каттап бүткөрүүгө стимул жаратат.

Төмөндөтүүчү коэффициенттер төмөнкү мөөнөттөрдө колдонулат:
- 2026-жылдын 31-декабрына чейин — 0,5 коэффициент (сатып алуу баасын 50% төмөндөтүү);
- 2027-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин — 0,6 коэффициент (сатып алуу баасын 40% төмөндөтүү);
- 2028-жылдын 1-январынан 31-декабрына чейин — 0,8 коэффициент (сатып алуу баасын 20% төмөндөтүү).
Кошумча түрдө 2026-жылдын 1-октябрына чейин 10 000 чарчы метрден ашык аянттагы жер тилкелери үчүн 0,4 төмөндөтүүчү коэффициент колдонулат.