Бишкек шаарында Киев жана Панфилов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылуулук тармагын алмаштыруу иштери ийгиликтүү аяктады. Ишкананын адистери диаметри 219 мм жана 273 мм болгон түтүктөрдү жаңыртышты.
8-июлдан тартып ишкана жылуулук тармагын жаңылоонун кийинки этабына киришет. Буга байланыштуу Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде автотранспорттун кыймылы убактылуу чектелет.
Бул тилкеде диаметри 426 мм болгон түтүктү алмаштыруу пландалууда. Бул жумуштарды аткаруу жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана 2026–2027-жылдарда жылытуу сезонунда тутумдун туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берет.
Урматтуу борбор калаанын тургундары жана коноктору! Каттамдарды пландаштырууда алдын ала убактылуу чектөөлөрдү эске алууну жана оңдоо иштерине байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылууну суранабыз.