Бишкек шаарынын мэриясы педагогикалык кызматкерлерге жыл сайын берилүүчү эмгек өргүүсүнө байланыштуу жагдай боюнча түшүндүрмө берүүнү зарыл деп эсептейт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 190-беренесинин 14-бөлүгүнө ылайык, педагогикалык кызматкерлерге окуу жылы аяктагандан кийин жыл сайын берилүүчү негизги узартылган эмгек өргүүсү берилет. Анын узактыгы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
Аталган ченемди аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июнундагы №320 токтому менен жалпы билим берүү уюмдарынын мугалимдери үчүн жыл сайын берилүүчү негизги узартылган эмгек өргүүсүнүн узактыгы 56 календардык күн болуп белгиленген.
Эсептөөнүн мисалы:
Жогорку же орто кесиптик билим берүү уюмун аяктагандан кийин алгачкы жолу 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып ишке кабыл алынган башталгыч класстын мугалими 2026-жылдын 1-июнунан тартып эмгек өргүүсүнө чыгат.
Анын 9 айлык иштеген мезгили (2025-жылдын 1-сентябрынан 2026-жылдын 1-июнуна чейин) үчүн негизги төлөнүүчү эмгек өргүүсүнүн узактыгы 42 календардык күндү түзөт.
Эсептөө төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
* жыл сайын берилүүчү эмгек өргүүсүнүн узактыгы — 56 календардык күн;
* бир ай иштеген үчүн: 56 : 12 = 4,67 күн;
* 9 ай иштеген үчүн: 4,67 × 9 = 42,03 күн, тегеректөө менен 42 календардык күн.
Бул эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын билим берүү системасындагы мугалимдердин жана кызматкерлердин айрым категорияларынын эмгек акысы жөнүндө жобонун 27-пунктунан (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 286 "КРнын билим берүү системасындагы уюмдардын кызматкерлеринин эмгек акысын төлөө шарттары жөнүндө" токтомунун 25-тиркемеси) келип чыгат .
Белгилей кетсек, жогоруда көрсөтүлгөн ченемдер жалпы билим берүү уюмдарына жаңыдан ишке кабыл алынган мугалимдерге гана тиешелүү.
Эмгек акысы сакталбаган өргүү кызматкердин жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде гана берилет.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда жарыяланган маалыматтарга байланыштуу төмөнкүнү белгилейбиз: эгерде билим берүү уюмдарынын кызматкерлерин эмгек акысы сакталбаган өргүүгө мажбурлоо фактылары орун алса, Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине жана Бишкек шаарынын райондук билим берүү башкармалыктарына кайрылуу зарыл.