Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын ишкерлерине жана жарнама берүүчүлөрүнө тышкы жарнамаларды жайгаштырууда жана көрнөк-жарнактарды тариздөөдө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын сактоо зарылдыгын эскертет.
Жарнамалык конструкцияларды тариздөөдө тил талаптарын сактоо — мыйзамдардын милдеттүү талабы гана эмес, мамлекеттик тил татыктуу орунду ээлеген борбор калаанын заманбап келбетин калыптандыруунун маанилүү бөлүгү.
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» конституциялык Мыйзамына жана «Жарнама жөнүндө» Мыйзамына ылайык, шаардын аймагында жайгаштырылуучу тышкы жарнамалар төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
Шаардын аймагындагы плакаттар, такталар, жанып туруучу таблолор жана башка техникалык каражаттар түрүндөгү тышкы жарнама алгач мамлекеттик – кыргыз тилде, андан кийин расмий – орус тилде кайталанып жазылат.
1. Жарнаманын мамлекеттик тилде даярдалган тексти тил жөнүндө мыйзамдардын талаптарына жана орфографиялык эрежелерге ылайык келиши боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы менен сөзсүз макулдашылууга тийиш.
2. Расмий тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмү чоңдугу боюнча мамлекеттик тилдеги тексттин шрифтинин өлчөмүнөн кичинерээк болушу керек жана анын оң же төмөн жагына жайгаштырылууга тийиш.
Ишкерлерге практикалык жардам көрсөтүү максатында Бишкек мэриясы жарнама берүүчүлөрдү тышкы жарнаманын тексттерин алдын ала макулдашуу үчүн кайрылууга чакырат.
Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн адистери кыргыз тилине которулган тексттердин тууралыгын текшерип, зарыл болгон учурда тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизип, макулдашылгандыгы тууралуу документ даярдап беришет.
Жарнамалык макеттерди алдын ала макулдашуу аларды даярдоодо жана жайгаштырууда кетирилүүчү каталардын алдын алууга, ошондой эле жарнамалык конструкцияларды демонтаждоого жана кайрадан даярдоого байланыштуу кошумча чыгымдардан сактанууга мүмкүндүк берет.
Тышкы жарнаманын тексттерин макулдашуу үчүн Бишкек шаарынын мэриясына Чүй проспектиси, 360 дареги боюнча (Бирдиктүү терезе) кайрылуу зарыл.
Бишкек шаарынын мэриясы ишкерлерди тышкы жарнамаларды тариздөөдө жоопкерчиликтүү мамиле кылууга, мыйзам талаптарын сактоого жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине урмат көрсөтүү менен шаардын көрктүү жана эстетикалык келбетин калыптандырууга өз салымын кошууга чакырат.