Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетикалык комплекси департаменти жөнүндө
ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетикалык комплекси департаментинин (мындан ары - Департамент) иш-аракеттеринин укуктук жана уюштуруучулук негиздерин аныктайт.
2. Департамент Бишкек шаарынын мэриясынын ведомстволук бөлүмү болуп саналат жана Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплекси объекттеринин иштешин камсыздоо чөйрөсүндө бирдиктүү шаардык саясатты жана башкарууну ишке ашырат.
3. Департамент мекеме - уюштуруу-укуктук формадагы юридикалык жак болуп саналат, өз алдынча баланска, банк мекемелеринде эсептерге жана бюджеттик эсептешүү эсептерине, казыналык органдарында (Бишкек шаары боюнча казыначылыктын регионалдык бөлүмү) депозиттик эсептерге, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен тегерек мөөргө, фирмалык бланктарга, штампка жана башка реквизиттерге жана расмий атрибуттарга ээ, сотто доогер жана жоопкер болуп чыгууга укуктуу.
4. Департамент өз ыйгарым укуктарынын алкагында, Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көрсөтөт жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге, Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ченемдик укуктук актыларына, Бишкек шаарынын мэриясынын чечимдерине, ошондой эле ушул Жобого ылайык аракеттенет.
5. Департамент өз иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле башка юридикалык жана жеке жактар менен өз ара аракеттенүү менен жүзөгө ашырат.
6. Департаменттин мамлекеттик жана башка органдар, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жана жеке жактар менен өз ара мамилелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
7. Департаменттин толук расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: "Бишкек шаарынын мэриясынын Отун-энергетикалык комплекси департаменти" муниципалдык мекемеси;
- расмий тилде: муниципальное учреждение "Департамент топливно-энергетического комплекса мэрии города Бишкек".
8. Департаменттин кыскартылган аталышы:
- мамлекеттик тилде: "ОЭК департаменти";
- расмий тилде: "Департамент ТЭК".
9. Департаменттин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Ю.Гагарин көчөсү, 74.
2. Департаменттин максаты жана милдеттери
10. Департаменттин иш-аракетинин максаты Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплексинин иштешин уюштуруу жана өнүктүрүү чөйрөсүндө Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу болуп саналат.
11. Департаменттин негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплексин башкаруу жаатында бирдиктүү шаардык саясатты ишке ашыруу;
- Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүүнүн негизги багыттарын түзүү жана ишке ашыруу;
- Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплексинин объекттерин күтүү, иштешин жана өнүгүшүн контролдоо, анын ичинде жылуулук, электр менен жабдуу объекттерин куруу, реконструкциялоо, ондоо, күтүү жана пайдалануу менен байланышкан маселелерди комплекстүү чечүү.
3. Департаменттин негизги функциялары
12. Департамент өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу максатында төмөнкү функцияларды ишке ашырат:
- отун-энергетикалык комплекси жаатында бирдиктүү шаардык саясатты түзүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу жана Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуна киргизүү;
- жетектеген багыттары боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын ченемдик укуктук актыларынын жана чечимдеринин долбоорлорун иштеп чыгуу, аларды Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуна киргизүү;
- жетектеген багыттары боюнча концепциялардын, стратегиялардын, программалардын, иш-чаралардын пландарынын, жетектеген муниципалдык ишканаларды өнүктүрүүнүн келечектүү программаларынын долбоорлорун иштеп чыгуу, белгиленген тартипте бекитилгенден кийин алардын аткарылышын уюштуруу;
- отун-энергетикалык комплексинин иштеши жаатында алдыңкы технологияларды киргизүү;
- отун-энергетикалык комплексинин техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнө талдоо жүргүзүү;
- отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
- отун-энергетикалык комплексинин объекттерин оңдоо жана күтүү боюнча иштерди жүргүзүүнү уюштуруу;
- Департаменттин ишинин багыттары боюнча кезектеги финансылык жылга жана пландык мезгилге Бишкек шаарынын бюджетин түзүүгө катышуу;
- жетектеген муниципалдык ишканалардын тиешелүү чыгашаларын пландаштыруу, бюджеттик ассигнованиелер боюнча негиздемелерди жана эсептөөлөрдү даярдоо;
- жетектеген муниципалдык ишканалар тарабынан иштерди аткарууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды тескөө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген башка бюджеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
- жетектеген муниципалдык ишканалардын финансылык-чарбалык иш пландарын, ошондой эле алардын финансылык-чарбалык ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды кароо жана бекитүү;
- жетектеген муниципалдык ишканалардын финансылык-чарбалык иштеринин жыйынтыктарынын натыйжалуулугуна экономикалык талдоо жүргүзүү;
- жетектеген муниципалдык ишканалардын өндүрүштүк программаларын бекитүү;
- жылуулук жана электр менен жабдуу объекттерин күтүү боюнча жетектеген муниципалдык ишканалар тарабынан аткарылган иштердин көлөмүн жана сапатын текшерүүнү уюштуруу;
- шаардык кызматтарды жана Бишкек шаарынын калкын күзгү-кышкы от жагуу мезгилине даярдоо боюнча иш-чаралардын аткарылышын координациялоо жана контролдоо;
- жылуулук-газ-электр менен жабдуу жана инженердик инфраструктура объекттерин күтүү боюнча жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн аткарылышын контролдоону жүзөгө ашыруу;
- муниципалдык жылуулук менен жабдуучу ишканалардын от жагуу мезгилине даярдыгын текшерүү боюнча комиссиянын иш-аракетин уюштуруу;
- Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жылуулук менен жабдуучу жана жылуулук тармагы уюмдарынын от жагуу мезгилине даярдыгын координациялоо жана мониторинг жүргүзүү;
- жылуулук менен жабдуу тутумунун абалын талдоо, аларды андан ары өнүктүрүү, ошондой эле жетектеген муниципалдык ишканалардын иш-аракеттеринин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизүү;
- энергия ресурстарын керектөө лимитинин сакталышын контролдоо жана аларды сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды иштеп чыгуу;
- энергия ресурстарын үнөмдөө программасын ишке ашырууга көмөктөшүү, муниципалдык имараттардын энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды көрүү, анын ичинде жылуулукту, электр энергиясын жана башка энергия ресурстарын керектөөнү жеке эсепке алуу жана жөнгө салуу приборлорун орнотуу;
- коммуналдык кызматтарды жана товарларды берүүчүлөр менен керектөөчүлөрдүн ортосундагы укуктук мамилелерди өркүндөтүүгө жана системалаштырууга көмөктөшүү;
- Департаменттин компетенциясынын чегинде жарандардын, мамлекеттик органдардын жана башка юридикалык жактардын мэрге, мэрдин орун басарларына, аппарат жетекчисине даректелген каттарын жана кайрылууларын кароо.
4. Департаменттин укуктары жана милдеттери
13. Департамент төмөнкүлөргө укуктуу:
- оперативдүү башкаруу укугунда мүлккө ээ болууга, өз иш-аракеттеринин максаттарына жана мүлктүн багытына ылайык ээлик кылууга жана пайдаланууга;
- Департаменттин компетенциясынын чегинде Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүн тескөөгө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүнө карата келишимдерди, контракттарды жана башка бүтүмдөрдү түзүүгө;
- Департаментке ишенип берилген мүлктү камсыздандыруу коргоосун жүзөгө ашырууга багытталган иш-чараларды ишке ашырууга;
- сот органдарында Бишкек шаарынын мэриясынын кызыкчылыктарын көздөөгө, ошондой эле өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын сот органдарына доолорду, анын ичинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуунун натыйжасында келтирилген зыянды өндүрүү жөнүндө доолорду берүүгө;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Бишкек шаарынын отун-энергетикалык комплексинин объекттерин куруу жана реконструкциялоо зонасына туура келген жер участокторун коомдук муктаждыктар үчүн сатып алууга жана алып коюуга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин иш-аракетин камсыздоого багытталган келишимдерди, контракттарды, макулдашууларды түзүүгө;
- Департаменттин иш-аракетинин ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү боюнча сунуштарды Бишкек шаарынын мэриясынын кароосуна киргизүү;
- Департаменттин компетенциясына кирген маселелер боюнча комиссиялардын, атайын жумушчу топтордун ишине катышууга;
- Департаменттин компетенциясынын маселелери боюнча жарандарды кабыл алууга, келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, алар боюнча зарыл чараларды көрүүгө;
- Департаменттин компетенциясынын чегинде буйруктарды чыгарууга;
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары тарабынан каралган башка укуктарды жүзөгө ашырууга.
14. Департамент төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Департаменттин кызматкерлерин коопсуз эмгек шарттары менен камсыздоого жана алардын ден соолугуна жана эмгекке жөндөмдүүлүгүнө келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартууга;
- Департаменттин кызматкерлерин социалдык, медициналык жана милдеттүү камсыздандыруунун башка түрлөрү менен камсыздоого;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик сырларды жана жашыруун маалыматтарды коргоону камсыздоого;
- Департаментке оперативдүү башкаруу укугунда берилген мүлктүн сакталышын камсыздоого;
- башка милдеттерди белгиленген тартипте аткарууга.
5. Департаменттин иш-аракетин уюштуруу
15. Департаменттин уюштуруучусу жана жогорку башкаруу органы болуп Бишкек шаарынын мэриясы саналат, ал мыйзамдарга ылайык Департаментти түзүү, кайра уюштуруу жана жоюу маселелерин чечет, Департаменттин жобосун, түзүмүн жана штаттык ырааттамасын бекитет.
16. Бишкек шаарынын мэриясы Департаменттин иш-аракетине тиешелүү бардык маселелер боюнча чечим кабыл алууга укуктуу.
17. Уюштуруучунун чечими боюнча Департаменттин карамагында муниципалдык ишканалар болушу мүмкүн.
18. Департаменттин иш-аракетин Бишкек шаарынын мэринин отун-энергетикалык комплекс маселелерин жетектеген орун басары жетектейт, ал ошондой эле Департаменттин директору болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кадрлардын муниципалдык резервинде турган адамдардын ичинен Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана кызмат ордунан бошотулат.
19. Мэрдин орун басары-Департаменттин директору:
- Департаменттин иш-аракетин уюштурат жана жетектейт;
- Департаментке жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- белгиленген штаттык сандын чегинде Департаменттин штаттык ырааттамасын жана иш регламентин Бишкек шаарынын мэриясына бекитүүгө берет;
- эмгек мыйзамдарына жана "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, штаттык ырааттамага ылайык Департаменттин кызматкерлерин кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;
- Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, эл аралык уюмдар, Кыргыз Республикасынын жана чет мамлекеттердин юридикалык жана жеке жактары менен өз ара мамилелерде Департаменттин атынан чыгат;
- Департаменттин атынан ишеним катсыз жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзөт;
- Департаменттин кызматкерлеринин кызматтык милдеттерин жана башка ички документтерин бекитет;
- өз ыйгарым укуктарынын чегинде Департаменттин мүлкүн, анын ичинде акча каражаттарын башкарат;
- Департаменттин кызматкерлери аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Департаменттин кызматкерлерин сыйлоо жана жазалоо чараларын көрөт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өндүрүштүк зарылчылыкты эске алуу менен Департаменттин иш режимин белгилейт;
- өз орун басарларынын компетенциясын аныктайт;
- банктарда эсептерди ачат жана жабат, алар боюнча операцияларды жүргүзөт, финансылык документтерге кол тамга коёт; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык финансылык жана эсепке алуу тартибинин сакталышын камсыздайт.
20. Департаменттин штатында директордун орун басарларынын кызмат орундары каралган.
Директордун орун басарлары мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте Бишкек шаарынын мэри тарабынан кызмат ордуна дайындалышат жана кызмат ордунан бошотулушат.
Департаменттин директору иште жок болгон учурда (убактылуу эмгекке жарамсыздык, кызматтык иш сапары же өргүү) же ыйгарым укуктары токтотулган учурда, анын ыйгарым укуктарын директордун орун басарларынын бири убактылуу жүзөгө ашырат.
Департаменттин финансылык документтерине кол тамга коюу укугу Департаменттин директорунун тийиштүү буйругунун же Бишкек шаарынын мэриясынын тескемесинин негизинде директордун орун басарларынын бирине берилет.
Директордун орун басарлары белгиленген функционалдык милдеттерде аныкталган ыйгарым укуктардын жана Департаменттин директорунун буйруктарынын алкагында иш жүргүзүшөт.
Департаменттин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн кызматкерлери Департаменттин директору тарабынан берилген ишеним каттардын негизинде жана ушул Жобо, Департаменттин директорунун буйруктары жана кызматтык нускамалар тарабынан белгиленген ыйгарым укуктардын алкагында үчүнчү жактардын алдында Департаменттин атынан иш жүргүзүшөт.
6. Департаменттин мүлкү
21. Департаменттин мүлкүн ага оперативдүү башкаруу укугунда бекитилген, анын өз алдынча балансында көрсөтүлгөн негизги жана жүгүртмө каражаттар, финансылык ресурстар (анын ичинде интеллектуалдык менчик объекттери менен бирге) түзөт.
Департамент ага бекитилип берилген мүлктү (негизги каражаттарды) Бишкек шаарынын мэриясынын макулдугу менен гана тескөөгө укуктуу.
22. Департаментти күтүүгө карата чыгашаларды каржылоо Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан бекитилген чыгашалар сметасына ылайык Бишкек шаарынын бюджетинин эсебинен жүргүзүлөт.
7. Эсепке алуу жана отчёттуулук
23. Департаменттин иш-аракеттерин контролдоону Бишкек шаарынын мэриясы жүзөгө ашырат. Департамент өзүнүн иш-аракеттеринде Бишкек шаарынын мэриясына отчёт берет.
24. Департамент мыйзамдар тарабынан белгиленген тартипте жана аныкталган мөөнөттөрдө бухгалтердик жана статистикалык отчёттуулукту берет. Департаменттин иш-аракеттерин текшерүүнү ыйгарым укуктуу органдар, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тийиштүү ыйгарым укуктарга ээ болгон уюмдар жүзөгө ашырат.
25. Департаменттин директору жана башкы бухгалтери Департаменттин финансы каражаттарын жана мүлкүн эсепке алуунун тууралыгы жана максаттуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартышат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык толук материалдык жоопкерчилик тартышат.
8. Департаментти кайра түзүү жана жоюу
26. Департаментти кайра түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.
27. Иш процессинде пайда болгон документтер жоюлган учурда "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат жана пайдаланылат.