Бишкек шаарынын мэриясынын жана Бишкек шаарынын шаар куруу жана архитектура боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрү Перспективдүү шаар куруу боюнча илимий-изилдөө институтуна барышып, Бишкек шаарынын Башкы планын иштеп чыгуучулар менен жолугушту.
Жолугушууда Башкы пландын негизги бөлүмдөрү боюнча төмөнкү маселелер талкууланды:
Функционалдык зонага бөлүү
Перспективдүү шаар куруу илимий институтунун башкы архитектору Ирина Гришечкина жана долбоорлордун жетекчиси Вероника Зыкина жашоо, соода, өндүрүш жана эс алуу аймактарын эске алуу менен шаарды зонага бөлүү сунуштарын беришти. Айрыкча, жаңы аймактарды шаардагы райондор менен тең салмакта жана тыгыз байланышта өнүктүрүүгө жана интеграциялоого көңүл бурулду.
Социалдык инфраструктура
Калкты мектептер, бала бакчалар, медициналык жайлар, маданий жана спорттук объекттер менен камсыздоо маселелери каралды. Шаар куруу экономикасы бөлүмүнүн башчысы Ольга Друзина социалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга багытталган сунуштарды киргизди.
Транспорт бөлүмү
Жол тармагын оптималдаштыруу, коомдук транспортту жана жөө адамдар үчүн инфраструктураны өнүктүрүү боюнча чечимдер каралды. Долбоор иштеп чыгуучулар транспорттук тыгындарды азайтуу жана шаар райондорунун ортосундагы байланышты жакшыртууга өзгөчө көңүл бурушту.
Экология бөлүмү
Айлана-чөйрөнү коргоо, аба менен суунун сапатын жакшыртуу жана экологиялык туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизүү маселелери талкууланды.
Бул жолугушуу Бишкек шаарынын натыйжалуу Башкы планын даярдоодо макулдашылган ыкмаларды түзүү жана мекемелер аралык кызматташууну чыңдоо багытындагы дагы бир маанилүү кадам болду.