Педагогикалык кадрлардын кесиптик чеберчилигин жогорулатуу программасынын алкагында шаардагы жалпы билим берүү мекемелеринин 28 директору «Жаш мугалимдин мектеби» аттуу семинарга катышты.

Иш-чаранын максаты — алдыңкы тажрыйба менен бөлүшүү, башкаруучулук компетенцияларды өркүндөтүү жана жаш мугалимдерди эффективдүү колдоо үчүн шарттарды түзүү.

Катышуучулардын өзгөчө көңүлүн №62 орто мектебинин директорунун баяны бурду. Ал билим берүү процессин жана кадрдык иштерди ийгиликтүү уюштуруу тажрыйбасы менен бөлүштү. Презентация учурунда мектеп директорунун негизги иш багыттары тууралуу айтып берип, билим жана тарбия берүү ишмердүүлүгүнүн бардык багыттарын пландаштыруу, уюштуруу жана көзөмөлгө алуу кирген «Директордун ишинин циклограммасы» менен тааныштырды.

Циклограммада камтылган негизги багыттар төмөнкүлөрдү өзүнө камтыйт: билим берүү процессин башкаруу, мугалимдерге, айрыкча жаш адистерге методикалык колдоо көрсөтүү жана насаатчылык, окуучулар жана ата-энелер менен иштөө, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу, жамааттагы психологиялык климатты жакшыртуу, билим берүүнүн сапатын жана окуучулардын жетишкендиктерин мониторинг кылуу.

Мындай жолугушуулар кесиптик коомчулукту бекемдөөгө, мыкты тажрыйбалар менен алмашууга жана мектептердин ишин уюштурууда бирдиктүү ыкманы калыптандырууга өбөлгө түзөт.

Иш-чара Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти жана шаардык профсоюз комитети тарабынан уюштурулган.