Бүгүн, 2025-жылдын 25-декабрында, Бишкекте борбор калаанын 2050-жылга чейинки Башкы планынын долбоору боюнча коомдук угуулар аяктады.

Перспективдүү шаарлар  боюнча илимий-изилдөө институтунун "Транспорт инфраструктурасы"  бөлүмүнүн башчысы Александр Баранов транспорт инфраструктурасынын учурдагы абалы жөнүндө айтып берди.

Учурда борбор калаанын негизги көчө жана жол тармагынын 40% жөнгө салуучу стандарттарга жооп бербейт, магистралдык көчө-жол тармагынын 85 пайызы жогорку жүктөм менен иштеп жатат, ал эми 77 пайызы унааларга толуп,  токтоп турат, бул өткөрүмдүүлүктү эки эсе төмөндөтөт.

Унаанын  өсүү темпи байкалууда, 2024-жылдагы маалыматтар боюнча 1000 тургунга 330 унаа туура келет.

Ошондой эле коомдук транспорттун иштешинде бир катар көйгөйлөр бар экени айтылды. Атап айтканда, кыймылдуу курамдын ашыкча толушу, каттамдардын ылдамдыгынын төмөндүгү жана тейленбеген аймактардын болушу негизги маселелер катары көрсөтүлдү.

Долбоордун алкагында пландаштырылган транспорттук инфраструктура төмөнкүлөрдү камтыйт:
магистралдык көчө-жол тармагынын 333 чакырымын нормативдик талаптарга ылайык келтирүү, 299 чакырым жаңы магистралдык көчө-жол куруу, Бишкек шаарын айланып өтүүчү 89 чакырым жол салуу (анын ичинде 49 чакырымы — жаңы курулуш), 18 транспорттук  түйүн (развязка), темир жол аркылуу өтүүчү 2 өтмөктү куруу.

Мындан сырткары, долбоордун алкагында трамвай линияларын куруу жана ылдам автобус каттамдарынын системасын киргизүү сунушталууда. Ошол эле учурда Александр Баранов метро  куруу максатка ылайыксыз экенин белгилеп, аны ишке ашыруу трамвай тармагын түзүүгө кеткен чыгымдардан болжол менен он эсе кымбатка турарын айтты.

Коомдук транспортто жүргүнчүлөрдүн көлөмүн 54 %га көбөйтүү, коомдук транспорт менен камсыздоону  100 %га жеткирүү, ошондой эле коомдук транспорт менен тейлөөнү  60 % деңгээлине чыгаруу каралат.

220 жүргүнчүнү ыңгайлуу ташуу үчүн бир заманбап трамвай, эки чоң сыйымдуулуктагы  автобус жана үч автобус талап кылынат — бул 180 жеке унааны алмаштыра алат.